ЖКККББ жарандарды айдоо маданиятын сактоого чакырат - видеоролик

Коом Загрузка... 15 Август 2025 09:42
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо жүрүү учурунда айдоо маданиятын сактоого чакырган видео тасма даярдады.

Видео тасмада жол эрежелерин одоно бузуп, кызматкерлерге баш ийбей, жоопкерчиликтен кутулуу максатында тааныштарына чалып жаткан жаштардын жана байкабай жол эрежесин бузган спортсмендердин сылык мамилеси чагылдырылган.

ЖКККББ видео тасмадагы сылык мамиле жасаган айдоочуну мисал кылып, жалпы айдоочуларды унаа башкаруу учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийип, жолдо жүрүү маданиятын так сактоого чакырат.