Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан жол эрежелеринин бузулушу боюнча фото же видео материалдарды 0777 102 102 номерине жөнөтүүнү өтүнөт.
Ведомстводон билдиришкендей, номер күнү-түнү иштейт.
Анда белгиленгендей, аныкталган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрөт. Көрүлгөн чаралар башкармалыктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыяланат.
Жогоруда аталган эрежелердин бузулушу тууралуу маалыматтарды жөнөтүүдө даректи, күндү жана убакытты сөзсүз түрдө белгилөө сунушталат.