ЖКККББ өзгөчө комбинациядагы номер тагууга тыюу салынганын эскертти

Коом Загрузка... 28 Июль 2025 08:50
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өзгөчө комбинациядагы номерлерди тагууга тыюу салынганын эскертти.

Башкармалык Чолпон-Атада өткөрүлгөн рейд учурунда жаш айдоочуларды туура багытка үндөөгө чакырды.

"Өлкөбүз өнүгүү жолунда бара жаткан келечектүү мамлекет экендигин эске алып, унааларга VOR, SEX, OPG, TJK, LOX, ZEK сыяктуу өзгөчө комбинациядагы номерлерди тагууга тыюу салынгандыгын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.