ЖКККББ чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштырууну эскертти

Коом Загрузка... 08 Август 2025 17:39
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштырууну эскертет.

Ведомство Абхазия жана Армения өңдүү чет өлкөлүк номурлуу унааларды айдап жүргөн айдоочуларга кайрылып, легалдаштырууну эртелетүүгө чакырды.

Ошондой эле жакынкы күндөрү текшерүү иштери жүрөөрү белгиленди.