“Автоураган” системасы аркылуу 14 миңден ашык эреже бузуулар аныкталды

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 18:42
copyright icon Кабар

Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башмарлыгынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн санариптештирүү, алардын жүгүн жеңилдетүү жана ошондой эле жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында “Автоураган” аппараттык-программалык комплекси ишке киргизилген.

Ал учурда өз натыйжасын көрсөтүп жаткандыгы туурасында аталган башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине айтып берди.

Бул система аркылуу жыл башынан тарта 14 миң 365 укук бузган айдоочу аныкталган.

Алардын ичинен:

  • Кылмыш жасап качкан – 38;
  • Кырсыкка себепчи болуп качкан – 317;
  • Каттоосу токтотулган (жарандардын арызынын негизинде) – 5508;
  • Төлөнбөгөн айып пулдар үчүн – 128;
  • Кармалып айып короо жайына токтотулган – 6338;
  • Жасалма номер менен ардап жүргөндүгү үчүн - 4 унаа аныкталган.