Жүк жеткирүү шылтоосу менен $4 миң алган. Шектүү колго түштү

Коом 631 22 Январь 2026 13:30
WhatsApp Image 2026-01-22 at 10.24.22.jpeg
615834319_1184582290507884_7448501441323812693_n.jpg
617644382_1184582280507885_1083981450742865697_n.jpg
618633171_1184582323841214_6327320358113570326_n.jpg
618807258_1184582330507880_1302286127392900244_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-22 at 10.24.22.jpeg
615834319_1184582290507884_7448501441323812693_n.jpg
617644382_1184582280507885_1083981450742865697_n.jpg
618633171_1184582323841214_6327320358113570326_n.jpg
618807258_1184582330507880_1302286127392900244_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек ШИИБ

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жүк ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, ири өлчөмдөгү каражатты жана автоунааларды ээлеп алган жаранды кармады.

Милициядан билдиришкендкей, үстүбүздөгү жылдын 15-январында милицияга С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, шектүү Хоргос – Москва – Белгород багыты боюнча жүк жеткирүүнү убада кылып, ишенимине кирип 4 миң АКШ долларын алган. Бирок, акчаны алгандан кийин макулдашылган багытты атайылап бузуп, «Дунларова» чек ара посту аркылуу Кыргызстанга кирип кеткен. Ал жерден 4 унааны өзү каалагандай пайдаланып, алынган акчаны жеке муктаждыктарына жумшап жиберген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 37 жаштагы шектүү кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды.

Милиция кызматкерлери шектүү сатууга үлгүрбөй калган 4 автоунааны таап, алар айып короосуна токтотулду. Тергөөдө аталган жарандын ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына да тиешеси бар экени аныкталды.

Милиция кимде-ким аталган жарандын аракеттеринен жабыркаган болсо же кандайдыр бир маанилүү маалыматка ээ болсо, төмөнкү номерлерге байланышууну суранат: (703) 35-15-65, (505) 919-149 же 102.