Сокулукта баңгизат сатууга шектүү афган тектүү жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 30 Март 2026 10:16
659697431_983157167703849_3575295361546576841_n.jpg
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Чүй облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-декабрында Сокулук РИИБге Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында афган тектүү кишинин баңгизат сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө "А" аттуу жаран "чарс" баңгизатын 1500 сомго мыйзамсыз сатканы аныкталган. Алынган зат эксперттердин корутундусуна ылайык, "каннабис чайыры" (гашиш) экени тастыкталды.

Тергөө учурунда шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы 40 грамм өлчөмүндө баңгизат табылган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.