Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камакка алынды

Укук тартиби Загрузка... 13 Март 2026 13:30
35862bde-ffca-4039-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Кубанычбек Конгантиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Соттун маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын Ленин районунун тергөө судьясы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Ага ылайык, айыпталуучу Кубанычбек Конгантиевди 10-майга чейин камакка алуу чечими чыгарылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелип жатканын УКМКдан билдиришкен болчу.