Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку соту менен Россиянын Жогорку соту кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Жогорку соттон билдиришкендей, документке Бишкекте өткөн "Сот тутумунун көз карандысыздыгын жана аброюн чыңдоонун укуктук маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жана Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Игорь Краснов кол койду.
Макулдашуу сот адилеттигин өнүктүрүүгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана сот практикасы жаатында тажрыйба алмашууга багытталган.
Жолугушууда эки өлкөнүн жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, сот өндүрүшүндөгү тажрыйба алмашуу жана санариптик технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстандын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектеби менен В.М. Лебедев атындагы Россия мамлекеттик сот адилеттиги университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ал билим берүү, илимий жана башка багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.