Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Сеул шаарында Hana Financial Group компаниясынын башкы директору Хам Ён-джу жана iM Financial Group компаниясынын башкы директору Хван Бён У менен жолукту.
Агенттиктен билдиришкендей, анда тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу, каржы секторун санариптештирүү, ошондой эле заманбап финансылык технологияларды киргизүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
"Кыргызстан Кореянын алдыңкы финансылык институттары менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Биз заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө, инвестиция тартууга жана өлкөнүн каржы секторун жана экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ачыкпыз", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар каржы секторун санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү, тажрыйба алмашууну жана санариптик финансылык технологиялар жаатында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү карайт.
Тараптар санариптик финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.