Сот мэриянын "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 17:50
1773755217-1r.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Бишкек административдик соту "Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин Бишкек шаардык мэриясына каршы доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот мэриянын 2026-жылдын 23-февралындагы "Муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу маселелери жөнүндө" токтомун күчүндө калтырды.

Мындан тышкары, соттун 29-апрелдеги аныктамасы менен аталган жер тилкесине карата кандайдыр бир аракеттерди жасоого тыюу салган, мурда кабыл алынган камсыздоо чаралары жокко чыгарылды.

Эске салсак, буга чейин мэриядан белгилешкендей, “Сүрөтчүлөр үйү” өз максатына ылайык пайдаланылбай жатканы аныкталган: имарат коммерциялык максаттарда, анын ичинде жеке нотариалдык кеңсе, автосалон, дүкөн, авиабилет кассасы жана кеңсе үчүн ижарага берилген. 2026-жылдын 23-февралында мэрия аталган жер участогун пайдаланууга берүү жөнүндө 1995-жылдын 18-декабрындагы токтомун жокко чыгарган.