Жогорку сот жарандарды онлайн кабыл алууну баштады

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Жогорку сотто жарандарды онлайн кабыл алуу киргизилди. Мындан ары жарандар сот тутумунун жетекчилигине ар бейшемби күнү аралыктан кайрыла алышат.

Жогорку соттун маалыматына ылайык, жаңы форматтын алкагында 26-ноябрда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош шаарынын тургунун тесттик режимде онлайн кабыл алды.

Жаран соттук ишинин узак убакыттан бери каралбай жатканына даттанган. Буга байланыштуу төрага иштин создуктурулушунун себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Онлайн кабыл алууга Жогорку соттун жетекчилиги, облустук соттордун, Бишкек шаардык жана райондук соттордун төрагалары катышат. Бул формат борбор калаага келе албаган жарандардын кайрылуусун жеңилдетүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын тогуз айында Жогорку соттун коомдук кабылдамасында 822 жаран кабыл алынган.