Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Жогорку сот 2027-жылы экологиялык сот адилеттиги боюнча судьялардын бешинчи, юбилейлик конференциясын кеңири эл аралык форматта өткөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьялардын IV жылдык конференциясында билдирди.
Анын айтымында, эл аралык конференция башка өлкөлөрдүн кесиптештери, эл аралык уюмдар жана илимий коомчулук менен сунуштардын аткарылышын баалоого, практикалык тажрыйба алмашууга жана мындан аркы биргелешкен кадамдарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Медербек Сатыев жарандардын экологиялык укуктарын камсыз кылууда жана өлкөнүн жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактоодо сот тутумунун маанилүү ролун белгиледи.
Ал бул багыттагы иштердин актуалдуулугун президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдү сактоо боюнча демилгеси менен да байланыштырды.
“Бул жолугушуунун өзгөчө маанисин президент Садыр Жапаровдун демилгесин арттырат. 2026-жылдын 22-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы уюмдун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен атайын фонд түзүүнү сунуштаган”,- деди Сатыев.
Белгилей кетсек, судьялардын IV жылдык конференциясынын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык экологиялык сот адилеттигинин актуалдуу маселелерин, Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууну, Кыргызстандын климаттык саясатын, сот практикасында илимий ыкмаларды жана заманбап технологияларды колдонууну, ошондой эле экологиялык адилеттүүлүккө жетүүдө жарандык коомдун ролун талкуулашты.