Сатыев Ош тургунун онлайн кабыл алып, кызматтык иликтөө дайындады

Коом
Сатыев Ош тургунун онлайн кабыл алып, кызматтык иликтөө дайындады
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош шаарынын тургунун онлайн форматта кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Алгачкы онлайн кабыл алууда жаран соттук ишинин узак убакыттан бери каралбай жатканына байланыштуу кайрылган. Сатыев иштин создуктурулушунун себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан ары Жогорку соттун жетекчилиги жана жергиликтүү соттордун төрагалары жарандарды ар бейшемби күнү онлайн кабыл алышат. Бул формат борбор калаага келе албаган жарандарга сот жетекчилерине аралыктан кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошол эле учурда жарандарды жеке кабыл алуу мурдагыдай эле улантылат.