Сатыев: Жогорку сот президенттин Ысык-Көлдү сактоо боюнча демилгесин колдойт

Коом 15 октябрь 2026 14:45
Сатыев: Жогорку сот президенттин Ысык-Көлдү сактоо боюнча демилгесин колдойт

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Жогорку сот Ысык-Көлдү сактоо боюнча президенттин демилгесин колдойт жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын ырааттуу колдонууга, жарандардын экологиялык укуктарын натыйжалуу коргоого багытталган иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьялардын IV жылдык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда экологиялык артыкчылыктар мамлекеттик саясаттын, климат жаатындагы улуттук милдеттенмелердин жана 2030-жылга чейинки өнүгүү программаларынын алкагында ишке ашырылууда.

"Бүгүнкү конференция сот тутумунун мамлекет башчысы белгилеген экологиялык артыкчылыктарга берилгендигин ырастайт. Биздин салымыбыздын укуктук мазмуну так: иштерди көз карандысыз жана калыс кароо, жаратылышты коргоо мыйзамдарын ырааттуу колдонуу жана бузулган укуктарды натыйжалуу коргоо", — деди Сатыев.

Ошондой эле ал сот тутумунун милдети экологиялык артыкчылыктардын ишенимдүү укуктук механизмдер менен бекемделишин камсыз кылуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал сот коомчулугу жаратылышты коргоого жеке салым кошууну да көздөп жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, быйыл Ысык-Көл облусундагы "Фемида" пансионатынын аймагына "Жашыл мурас" улуттук демилгесин колдоо максатында бак-дарактарды отургузуу пландалууда.