Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Талас облусунун тургуну Бектурсун Жандаралиевдин иши Жогорку сотто калыс каралат. Президент Садыр Жапаров сот өкүлүнө иштин бардык жагдайларын дыкат текшерип чыгууну тапшырды.
Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда Бектурсун Жандаралиев 2017-2025-жылдары ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп турганда кызматтык каражаттарды пайдаланууга байланыштуу кылмыш иши козголгонун айтып, өзүнө карата адилетсиз мамиле болгонун белгиледи.
Жооптуу кызматкердин маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 928 миң сомдон ашык каражат боюнча мыйзам бузуу аныкталып, иш сотко өткөн. Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор чечим чыгарган. Учурда иш Жогорку сотто каралууда.
Президент сот өкүлүнө ишти шашпай, ар бир жагдайын кылдат карап, калыс чечим чыгарууну тапшырды.