Орозбеков: Экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда сот системасынын ролу жогору

Коом 15 октябрь 2026 15:30
848390960_1841631347179731_4189951260008166779_n (1).jpg
849380172_4033669136930070_2530831936325273648_n.jpg
848498399_2217864402124176_1725519432955247946_n.jpg
846825252_29202245936037358_761504205953041912_n.jpg
Алдыга
Артка
848390960_1841631347179731_4189951260008166779_n (1).jpg
849380172_4033669136930070_2530831936325273648_n.jpg
848498399_2217864402124176_1725519432955247946_n.jpg
846825252_29202245936037358_761504205953041912_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Кыргызстандын судьяларынын "Туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстиндеги экологиялык адилеттүүлүк: эл аралык экологиялык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын улуттук ыкмалары" аттуу IV жылдык конференциясына катышты.

Конференцияга Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалары, Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле илимий жана эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүлүп, учурдагы экология чөйрөсүндөгү адилеттүүлүктүн механизмдери талкууланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков өз сөзүндө өлкөбүздүн бүгүнкүсү гана эмес, келечеги да мамлекеттин экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын жагымдуу чөйрөгө болгон укуктарын коргоо жана экологиялык адилеттүүлүк механизмдерин өркүндөтүү деңгээлине жана мүмкүнчүлүгүнө көз каранды экендигин белгиледи. Өзгөчө табигый экосистемалары бар Кыргыз Республикасы үчүн айлана-чөйрөнү коргоо маселелери стратегиялык мааниге ээ болуп эсептелет. Бул шарттарда сот системасына өзгөчө роль таандык болот. Соттук коргоо бузулган укуктарды, анын ичинде айлана-чөйрөгө зыян келтирилген учурларды калыбына келтирүүнүн чыныгы жана жеткиликтүү механизми бойдон калышы керек.

Соңунда Адилет Орозбеков президент Садыр Жапаровдун: “Сот системасы, бийликтин өзүнчө бутагы катары укуктук мамлекетте эң маанилүү компоненттердин бири болуп саналат. Эгерде ал калыс жана адилеттүү колдонулса, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркы өсүп, элдин ишенимине ээ болот. Сот системасы жарандардын жана ишкерлердин конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү”, – деген сөздөрүн мисалга келтирүү менен жыйынтыктады.