Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Өлкөдөгү туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында экологиялык сот адилеттиги, эл аралык экологиялык стандарттарды колдонуу жана улуттук мыйзамдарды климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктарга ылайыкташтыруу маселелерине арналган “Туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстиндеги экологиялык сот адилеттиги: Эл аралык экологиялык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын улуттук мамилелери” аталган судьялардын IV жыл сайын өтүүчү конференциясы өтүүдө.
Белгилей кетсек, конференциянын негизги максаты — айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы соттук практиканы өркүндөтүү, эл аралык экологиялык укуктун ченемдерин ишке ашыруу жана улуттук мыйзамдарды климаттын өзгөрүшү сыяктуу заманбап чакырыктарга ылайыкташтыруу.
Ошондой эле жыйында экологиялык сот адилеттигинин Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарын ишке ашыруудагы жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролуна көңүл бурулууда.
Иш-чарага Жогорку соттун, Конституциялык соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин жана министрлер кабинетинин өкүлдөрү, тармактык мамлекеттик органдардын, прокуратуранын жана адвокатуранын өкүлдөрү, окумуштуулар, экологдор, климат боюнча эксперттер, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Эскерте кетсек, иш-чара Жогорку сот, Судьялар ассоциациясы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулган.