Кыргызстандын экономикасынын өсүшү Кытай менен Индияны ашып өттү

Экономика 13 октябрь 2026 10:30
Кыргызстандын экономикасынын өсүшү Кытай менен Индияны ашып өттү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 8,8% өсөт деп болжолдонууда. Бул көрсөткүч өлкөнү Азиядагы экономикалык өсүшү жогору мамлекеттердин катарына кошот.

БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) маалыматына ылайык, Азия 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59%ын камсыздашы күтүлүүдө. Аймактагы өлкөлөрдүн арасында Индиянын экономикасы 7,3%, Кытайдыкы 4,5%, ал эми Индонезияныкы 5,2% өсүшү күтүлүүдө.

Ошондой эле Өзбекстандын экономикасы 7,9%, Вьетнамдыкы 7,8%, Монголияныкы 7%, Тажикстандыкы 6,6% өсөт деген божомол бар. Кыргызстан үчүн белгиленген 8,8%дык көрсөткүч аталган өлкөлөрдүн күтүлүп жаткан өсүү темптеринен жогору.

ЮНКТАДдын маалыматына караганда, Азиянын айрым өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү киреше деңгээли боюнча өнүккөн мамлекеттерге жакындап жатышат. Бирок дүйнөлүк рынокторго чыгуу жана кирешеси жогору тармактарды өнүктүрүү барган сайын технологияларга, каржылоого жана геосаясий шарттарга көз каранды болууда.

Докладда жарым өткөргүчтөрдү өндүрүү, жасалма интеллект жана энергетикалык технологиялар сыяктуу стратегиялык тармактарга инвестиция тартуу маанилүү экени белгиленет. Бул багыттардагы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу өлкөлөрдүн дүйнөлүк кошумча нарк түзүү чынжырларына катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Божомол боюнча, 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59%ы Азияга туура келет.