Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөө маалыматтарына ылайык, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында Конгантиев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.