Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте 4 унааны алып из жашырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 5-апрелде А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, С.И. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү алдоо жолу менен унааларды сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жалпы баасы 58 миң АКШ доллар турган KIA K8, KIA Carnival, KIA Sorento үлгүсүндөгү автоунааларды ээлеп алган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209- беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 26 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.