Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Чүй облусунда социалдык тармактар аркылуу экстремисттик идеологияны жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Facebook тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда "Аза Асанбеков" аттуу аккаунттун ээси тыюу салынган материалдарды бөлүшүп жатканы аныкталган. Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында, аталган баракчага жайгаштырылган видеолор жана макалалар экстремисттик мүнөздө экени тастыкталган.
Шектүү Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "BURANA INFO" жана "Turkiston.kg" (Хизб-ут-Тахрир уюмунун ресурсу) сайттарындагы материалдарды таратып келген.
Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аккаунттун ээси — 39 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.