ЖК комитети Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү маселесин кезексиз карайт

Коом 9 сентябрь 2025 11:40
ЖК комитети Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү маселесин кезексиз карайт

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү маселесин кезексиз карайт.

Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов КР Конституциясынын 88-беренесинин 2-бөлүгүнө таянып, Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кезексиз кароону сунуштады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары шаардын атын Манас деп өзгөртүү демилгесин колдошкон.