ЖК депутаттарын шайлоо: Чет элдик ЖМКларды каттоо башталды

Шайлоо Загрузка... 03 Ноябрь 2025 15:55
thumbs_b_c_7b7f897c_aQDptbu.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо башталганын билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, аккредитациядан өтүү үчүн бардык чет элдик ЖМК өкүлдөрү 2025-жылдын 17-ноябрына чейин белгиленген формадагы маалыматты паспортторунун көчүрмөлөрү менен бирге press@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүшү керек.

Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, +996312626559, +996709106435 (WhatsApp) телефондору же жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дареги аркылуу байланышууга болот.

Чет элдик журналисттерди аккредитациялоо жол-жобосу боюнча кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтынан тапса болот: https://mfa.gov.kg/kg/main/page?page_id=250.