ЖК депутаттарын шайлоо. Үч саясий партия шайлоого катышуу ниетин билдирди - БШК

Шайлоо Загрузка... 09 Октябрь 2025 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Парламенттик шайлоого катышууга үч саясий партия арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-09 at 12.02.09.jpeg

Анын айтымында, “Легалайз”, “Кырк ууз” жана “Ынтымак” саясий партиялары тарабынан кат түрүндө БШКга арыздар келип түштү.

Жупуева белгилегендей, ошондой эле 8-октябрга карата 106 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыздарын берген.

“Саясий партиялар тууралуу айтсам, эми бул партиялар өздөрүнүн съезддерин өткөрүшөт. Андан соң, 30-октябрга чейин өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтөт.

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер, эки шаардын мэрлеринин катышуусунда чек аралар боюнча талкуу жүрүп, берилген сунуштар боюнча БШК өзүнүн отурумунда 30 округдун чек араларын тактап бекиттик. Мындан кийин талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга шайлоого катышуу ниетин билдирген арыздары менен кайрылып жатышат. 8-октябрга карата 106 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыздарын ташташты”,- деди Жупуева.

Ошондой эле БШКнын календарлык планы боюнча талапкерлердин өзүн-өзү көрсөтүүсүнүн акыркы мөөнөтү 30-октябрда кечки саат 18.00дө токтотула тургандыгы маалымдалды.

WhatsApp Image 2025-10-09 at 12.27.45.jpeg

“Мөөнөт бүткөндөн кийин 3 күн талапкерлер берген документтерди текшерип, жетишпеген документтерди толуктайбыз. Андан кийин 7 календарлык күндүн ичинде БШК талапкерлерди тактап, каттоо жүргүзөт. 10-ноябрда расмий түрдө талапкерлер тарабынан үгүт иштери жүргүзүлүп баштайт”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун “КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 30-ноябрына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгиленди. Учурда БШК тарабынан бекитилген календарлык план боюнча иштер жүрүүдө.