ЖК депутаттары КМШ өлкөлөрүнүнүн парламенттер аралык жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 3707 12 Март 2025 11:23
484021071_961864912793398_8510590494545970694_n.jpg
482328432_961864996126723_1695395916308422776_n.jpg
484078277_961864909460065_1043636786509311014_n.jpg
Алдыга
Артка
484021071_961864912793398_8510590494545970694_n.jpg
482328432_961864996126723_1695395916308422776_n.jpg
484078277_961864909460065_1043636786509311014_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россиянын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын контролдук-бюджеттик комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев жана Чыңгыз Айдарбеков катышты. Ал эми Жылдыз Садырбаева онлайн форматта баарлашты.

Жыйында учурдагы каржылоо, уюмдун бюджетин түзүү жана аткаруу маселелер талкууланды.

Ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн кезектеги пландык мезгилге мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзамдардын кабыл алынышы жөнүндө пикир алышуу болуп, КМШ ПАА кеңешинин ишмердүүлүгүнүн каржылоосуна тиешелүү чечимдеринин долбоорлору даярдалды.

"Муну менен катар Ассамблеянын 2025-жылга карата иш планын уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелери талкууланды",-деп айтылат маалыматта.