Кыргызстандын экономикасы акыркы жылдары жогорку темп менен өсүп жатат. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан ИДПнын өсүү көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда турат. Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь айынын аягында өнөр жай өндүрүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү эки эсеге өсүп, 10,6%га жеткен.
Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бири. Эксперттер белгилегендей, Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөргө ийкемдүү келип, андан пайдалуу шарттарды түзө алды. Жакшы көрсөткүчтөргө жетүүдө ири интеграциялык долбоорлор, өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу жана өз ара соода көлөмүн кеңейтүү чоң роль ойноду. Учурда КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу уюмдардын ишмердүүлүгү экономиканын өсүү темпин тездетип, өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.
Эксперт Сергей Пономарёв белгилегендей, Кыргызстанда акыркы жылдары экономика тармагында туруктуу өсүү байкалууда. Ал мындан ары дагы жакшы жыйынтыктар күтүлөрүн жана экономикада бекем пайдубал түптөлүп жатканын айтты.
"Кыргызстан бир нече жылдан бери ИДПнын жогорку өсүү темпин көрсөтүп келе жатат. Бул албетте, кубандырат, анткени экономикалык өсүш жарандардын жашоо деңгээлине түздөн-түз оң таасирин тийгизет. Казынанын толукталышы айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатууга мүмкүндүк берет. Биз оң өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Жакынкы келечекте Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлордун ишке ашуусу күтүлүүдө. Бул инфраструктуралык өнүгүүгө олуттуу түрдө таасир берип, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле биз аймактардын тең салмактуу өнүгүүсүнө күбө болобуз.
Эң негизгиси Кыргызстан Евразиянын өнүккөн транспорттук инфраструктурасы аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, соода көлөмүн кыйла кеңейте алат. Менин божомолдорум боюнча, 2025-жылы өлкөнүн экономикалык абалы жагымдуу бойдон калат. Албетте, бул дүйнөлүк геосаясий жагдайга көз каранды. Азыр логистика жана эл аралык соода багытында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат, глобалдык масштабда тарифтик атаандаштык күчөп, кээ бир чектөөлөр киргизилүүдө. Бирок, Кыргызстан бул процесстерден минималдуу деңгээлде жабыркайт деп ишенем. Ошол эле учурда республика ИДПнын өсүү темпин сактап, 2025-жылдын аягына чейин 8%дан кем эмес деңгээлде кармап калат", – деп белгиледи Сергей Пономарёв.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров аймактык маанидеги ири инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстан үчүн экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабы болорун белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бизде абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытайдан Өзбекстанга биздин аймак аркылуу өтө турган темир жолдун курулушу – бул ири масштабдагы долбоорлор. Бул долбоорлорго биздин коңшулар да активдүү катышууда. Албетте, мындай ири инвестициялар экономикабызга оң таасирин тийгизет.
Өкмөт азыр реалдуу секторду өнүктүрүү үчүн мыкты шарттарды түзүп жатат. 2025-жылы 128 жаңы өнөр жай ишканасы ачылышы пландалууда. Учурда бул багытта олуттуу иштер жүрүп, жумуш орундарын түзүү активдүү уланууда. Азыркы тапта өлкөдө жумушсуздук 4%га чейин төмөндөдү, бул жакшы көрсөткүч. Демографиялык өсүш 2%ды, ал эми керектөөнүн өсүшү 15%ды түздү. Ири долбоорлорго олуттуу инвестициялар тартылып жаткандыктан, экономикалык өсүштүн мындан да жогору болушуна негиз бар", – деди Төлөнбек Абдыров.
Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери эл аралык рейтинг агенттиктери – Standard & Poor’s, Moody’s жана Fitch Ratings тарабынан да белгиленди. S&P Global Ratings отчетунда маанилүү факторлорго көңүл бурулуп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү көрсөтүлгөн.
Аймактык сооданы ийгиликтүү кайра багыттоо жана ички суроо-талапты бекемдөө Кыргызстанга 2022-2024-жылдары ИДПнын 9% өсүшүнө шарт түздү. Мындан тышкары, ички керектөөнүн 15%га жогорулашы жана 2024-жылы жумушсуздуктун 4%га төмөндөшү эмгек рыногундагы оң динамиканы жана экономиканын туруктуулугун тастыктайт.
Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугу, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышы жана аймактык өнөктөштөр менен кызматташтыктын сапатынын жогорулашы эл аралык уюмдар тарабынан таанылууда. Эксперттердин пикиринде, бул оң баа Кыргызстандын мындан аркы экономикалык өнүгүүсү жана ири долбоорлорду ишке ашыруусу үчүн маанилүү фактор болуп саналат.