Ош шаарындагы Монуев - Шакиров - Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу аяктап калды.
Мэриянын маалыматына ылайык, өтмөк жол тыгынын жоюу максатында курулууда. Долбоорго 269 млн сом сарпталат.
Бул - шаарга курулуп жаткан экинчи өтмөк. Мында жер астынан-үстүнөн автоунаалар жана жөө адамдар өтүүгө ыңгайлаштырылган.
"Кабар" маалымат агенттигинин сүрөтчүсү Исхак Туратбеков өтмөктү видеого түшүрүп, окурмандар менен бөлүшөт.