26-июнда Минск шаарында "Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечектин пландары" аттуу Евразиялык экономикалык форум өттү. Иш-чарага Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары: Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-ЖомартТокаев, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты.

Ошондой эле, форумга ардактуу коноктор катары – Куба Республикасынын президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес, Мьянма БиримдигиРеспубликасынын Премьер-министри Мин Аун Хлайн, Никарагуа Республикасынын президенттеринин Беларусь Республикасы менен иштөө боюнча атайын өкүлү Лауреано Ортега Мурильо катышты.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев форумда Биримдиктин иштөө жыйынтыктарын жана интеграциянын андан аркы өнүгүү келечеги менен тааныштырды.
Интеграциялык бирикменин ишмердүүлүгүнүн маанилүү жыйынтыктарынын арасында ЕЭК Коллегиясынын башчысы эмгек рыногунда либералдаштыруунун жогорку деңгээлине жетишүүнү, экономиканын 142 секторунда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешин, соодадагы 100дөн ашык тоскоолдуктарды жоюуну, 52 техникалык регламентти кабыл алууну, азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээлинин 92%га жетишин атады.
Экономиканын реалдуу секторлорун өнүктүрүү үчүн өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду финансылык колдоо механизми ишке киргизилди. Экономиканын бардык тармактарында санариптик трансформациянын жогорку темптерин эске алуу менен, бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү боюнча иштер улантылууда.
Он жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жаткан Евразия экономикалык биримдигине интеграциянын өнүгүшү жана мүчөлүк Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин экономикасынын туруктуу өсүшүнүн жана тышкы шокторго жогорку ыңгайлашуусунун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.
Евразия экономикалык биримдигине кирген бардык өлкөлөр экономикалык жана адамдык өнүгүүнүн көптөгөн негизги көрсөткүчтөрү боюнча көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Армения менен Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 2015-жылдан 2023-жылга чейин тиешелүүлүгүнө жараша 50,7 % жана 39,8 % түздү. Олуттуу тышкы чектөөлөргө карабастан Евразия экономикалык биримдигинин алдыңкы экономикасы болгон Россиянын өсүшү, абройлуу эл аралык уюмдардын анализдеринин негизинде, көптөгөн батыш экономикаларынын реалдуу көрсөткүчтөрүнөн да ашып кетти. Ошондой эле, күчтүү тышкы кысымга активдүү каршылык көрсөтүп жаткан Беларуста жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагындагы соода агымдарынын маанилүү борборуна айланган Казакстанда да жакшы натыйжалар бар.

ЕАЭБде интеграция жүрүп жатат, үмүттөндүрүүчү жана оң натыйжалар бар, бирок кемчиликтер да жетиштүү. Бул тууралуу форумду кабыл алган тарап катары Беларусиянын башчысы Александр Лукашенко ачык билдирди. Адегенде жакшысы тууралуу - "ЕАЭБдин 10 жыл ичиндеги жалпы ИДПсы дээрлик 18%га өстү, өз ара товар жүгүртүү 37%га, жумушсуздуктун деңгээли 2 эседен ашык төмөндөп, 2,8%ды түздү. Айыл чарба продукциясынын көлөмү көрсөтүлгөн мезгилде 25%га, жүк жүгүртүү 10%га, инвестициянын көлөмү 40%дан ашык өстү", - деп белгиледи Лукашенко. Андан ары анда суроолорду жараткан нерселер тууралуу айтып берди - "25-жылга чейин ишке ашырылышы керек болгон стратегиябыздын 18 маанилүү көрсөткүчү - негизги жоболору ишке ашырылган жок - биз аларды аткарбадык. Беларусь ЕАЭБ 2.0 түзүү максатын койду. Ар бир президенттин орто мөөнөттүү келечекте өлкөлөрүбүздү кандай көргүсү келгени тууралуу түшүнүгү бар. Интеграция кошумча наркка ээ болушу үчүн аракет кылуу керек",-деди ал.
Күчтүү өнөктөштөр гана өздөрүнүн кемчиликтерин моюнга алып, жасалма аракеттердин ордуна, аларды оңдой башташат. Дүйнө өзгөрүп жатат, айрым аймактарда жакшы эмес абал орун алган, ошондуктан эл аралык сооданын жана логистиканын начарлашына ыңгайлашуу зарыл. Көпчүлүк мамлекет башчыларынын көз карашында ЕАЭБ 2.0 өндүрүштүк кубаттуулуктарды бир нече эсеге көбөйтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды биргелешип чыгаруу, санариптештирүү жана экономикалык союз менен кызматташууга ачык өлкөлөр менен сооданы өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров пленардык жыйында биримдиктеги өнөктөштөр жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып берди.
"ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 10 жылда 29%га өсүп, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,5 триллион доллардан ашты. ЕАЭБде союздун индустриялаштыруу картасы түзүлдү, ага бүгүнкү күндө 31 тармактан 271 долбоор киргизилип, жалпы суммасы 240 миллиард доллардан ашат, ошондой эле 18 миллиард долларга 257 ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор бар", - деп баса белгиледи мамлекет башчы.
Азыркы тенденциялар көрсөткөндөй, Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграция өнөктөштөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн горизонтун кеңейтип, келечекке кам көрүп, экономикалар бири-бирин күчтөндүрүп жана толуктап турушу үчүн, жетишилген темпти арттыруу зарыл. Буга байланыштуу Садыр Жапаров кызматташтыкты тереңдетүү боюнча бир катар демилгелерди айтты:
- санариптик трансформацияга жана автоматташтырууга өзгөчө көңүл буруу менен өндүрүштөрдү локализациялоону жогорулатуу жана чакан жана орто бизнес менен кластерлерди өнүктүрүү;
- маалымат алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди кеңейтүү аркылуу өнөр жай жана айыл чарбасындагы илимий-изилдөө потенциалын күчтөндүрүү;
- биргелешкен изилдөөлөрдү колдоо механизмдерин түзүүнү жана компетенция борборлорунун тармагын негиздөөнү камтыган илимий жана инновациялык долбоорлорду туруктуу каржылоону камсыз кылуу.
Соңунда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Бирликтин ичинде да, тышкы өнөктөштөр менен да өнөр жай жаатында активдүү кызматташууну жактаарын жана бирдиктүү евразиялык өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл ресурстарга ээ экенин баса белгиледи.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин ЕАЭБдеги кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын билдирди. Май айында Иран менен эркин соода жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Вьетнам, Сингапур, Сербия сыяктуу ири соода өнөктөштөрү менен бир катар преференциалдык келишимдер түзүлдү. Бириккен Араб Эмираттары жана Монголия менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюуга даярбыз. Индонезия, Египет, Индия менен сооданы либералдаштыруу маселелери талкуу стадиясында турат. БРИКС, КМШ, ШКУ, АСЕАН, Африка Биримдиги жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү түзүлүүдө.

Владимир Путиндин айтымында, ЕАЭБ 10 жылдык ишинде өнүгүүсүндө олуттуу натыйжаларга жетишти.
"Бул убакыттын ичинде ал албетте, чыңдалып, ийгиликтүү интеграциялык бирикме катары калыптанды. "Бештиктин" жалпы экономикалык потенциалы кыйла чыңдалып, ЕАЭБ дүйнөлүк өнүгүүнүн негизги борборлорунун бири катары татыктуу түрдө бекиди. Евразиялык союздун катышуучуларынын жалпы ИДПсы 1,6 триллион доллардан 2,6 триллион долларга чейин көбөйдү, ал эми үчүнчү өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүү 38%га көбөйүп, 800 миллиард долларды түзөт, бул дүйнөнүн алдыңкы экономикалык державаларынын ортосундагы товар жүгүртүүгө салыштырууга болот", - деп баса белгиледи Россиянын лидери.
ЕАЭБдин күн тартибинде санариптештирүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана логистиканы диверсификациялоо өзгөчө орунду ээлейт. Өнөр жайды өнүктүрүүдөн баштап мультимодалдык ташуулардын маршруттарын түзүүгө чейин бардык тармактарга жогорку технологияларды киргизүү болжолдонууда. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү санариптештирүү аркылуу байланыштыруу, товарларды жеткирүүнүн мүмкүн болушунча үзгүлтүксүз жолдорун түзүү – бул милдеттерди чечүү Евразия экономикалык союзунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана глобалдык өнүгүүнүн борборлорунун бири катары бекемделишине мүмкүндүк берет.