Индустрия: Акыркы 5 жылда ишке берилген ири өндүрүштөр

Аналитика Загрузка... 22 Май 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-05-22 at 17.55.08.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан индустриялаштыруу боюнча стратегиялык саясатын жигердүү ишке ашырууда. Ага ылайык, жыл сайын 100 өндүрүш ишканасы эксплуатацияга берилип, миңдеген жумуш орундары түзүлүүдө. Алардын башында унаа куруу, алтын куйма, металлургия заводдору жана ГЭС сыяктуу ири өндүрүштөр турат. Эксперттер ири өндүрүштүн экономикадагы маанисин эскертип, чоң бизнес үчүн биздин өлкөдө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Акыркы беш жылдан бери өндүрүш сектору чыныгы өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүүдө. Индустриализация урааны менен жаңы ишканалар, заводдор ачылып, эскилери модернизациядан өтүп жатат.

Алсак, 2021-жылдан 2023-жылга чейин 60 өндүрүш ишканасы ишке берилип, салынган инвестициянын жалпы көлөмү 1 млрд долларга чукулдаган.

Алардын ичинен ири өндүрүштөр:

  • “Евразия Метал Групп” – Кыргызстанда мурда жеткиликсиз болгон алдыңкы технологияларды колдонуу менен тургузулган курулуш арматурасын чыгаруучу завод. Алгачкы баскычында өлкөнүн арматурага болгон муктаждыгын 10%га чейин камсыздайт, андан кийин импорттук товарды басуу көрсөткүчү 60%га чейин өсөт;
  • "Металкен" — заманбап жабдуулар менен жабдылган металлургиялык завод. Жылына 300 миң тоннадан ашык металл буюмдарын чыгарат;
  • “Кыргыз унаа курулуш” ишканасы — учурда чакан жүк ташуучу унааларды чогулткан көп тармактуу ишкана. Чакан жана орто ГЭСтер үчүн да гидротурбиналарды, акылдуу электр эсептегичтерди, лифттерди жана таш буюмдарын чыгарат;
  • Таш-Короо жана Кургак тилкелеринде калай-вольфрам кенин иштеткен “Сары-Жаз минерал майнинг” ишканасы;
  • Токмоктогу шиналарды кайра иштетүүчү завод;
  • "Кыргызэлектроника" – принтер чыгаруучу завод.

2024-жылдан баштап Кыргызстанда “Жүз өнөр жай ишканасы” долбоору киргизилген. Аталган жылы өлкө боюнча жалпысынан 102 өндүрүш ишканасы эксплуатацияга берилип, жалпы инвестициялык көлөмү 800 млн долларга жеткен.

Алардын ичинен ири өндүрүштөр:

  • Кадамжайдагы “Исфайрам-1” жана Ноокаттагы “Курак-Тектир” кичи ГЭСтери;
  • Ат-Башыдагы “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы;
  • Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Эти Бакыр-Терексай» ЖЧКсынын алтын иштетүүчү фабрикасы;
  • Нарындагы “Миң-Булак” курулуш материалдарын чыгаруучу завод;
  • Аламүдүн районундагы "Бек Кабель" электр зымдарын чыгаруучу завод;
  • Кемин районундагы “Терек-Таш” цемент заводу;
  • Кара-Балтадагы алтын куйма өндүрүшү боюнча завод;
  • Сузактагы нефтини кайра иштетүүчү завод;
  • Ысык-Көл районундагы канаттуулардын этин кайра иштетүүчү «Агро Куш» ишканасы жана башкалар.

Ал эми 2025-жылы өлкө боюнча 119 өндүрүш объектиси ишке берилип, жалпы инвестициянын суммасы 700 млн доллардан ашкан.

Алардын катарындагылар:

  • Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун базасында айнек идиштерди чыгаруучу завод ишке киргизилди. Кубаттуулугу жылына 120 млн даана;
  • Жалал-Абаддагы "Салих Строй" асфальт-бетон заводу — Ноокен районундагы саатына 300 тоннага чейин асфальт чыгарууга жөндөмдүү жогорку технологиялуу ишкана;
  • “Сүлүктү Талаа-11”, “Адахан” жана “Мурас” кендеринде өндүрүштүк кубаттуулуктар ишке киргизилди;
  • "ДиСиАй KG" гипс порошогун жана гипсокартон чыгаруу ишканасы;
  • Чүй облусундагы "Асылташ Керамик" ишканасы керамикалык плиткаларды жана керамогранит чыгарып жатат;
  • Чүй жергесиндеги "Стандарт Фарм Групп" фармацевтикалык заводу жылына 1 млрд таблетка чыгарат;
  • Ысык-Көлдөгү “Кой-Суу” ГЭСи – жылына 30 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт;
  • Чүйдөгү 500 жумуш орду менен камсыз кылган “Заммайсал” тигүү фабрикасы жана башкалар.

2026-жылы да 100 өндүрүш объектиси ачыла турганын президент Садыр Жапаров апрель айында Ош облусуна болгон сапарында билдирген. ОшМУнун бизнес паркынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов “Кабар” агенттигине ири өндүрүш ишканаларын ачуу жана иштетүү үчүн бир катар жеңилдиктер каралганын белгиледи.

WhatsApp Image 2026-05-22 at 17.56.08.jpeg
“Кыргызстан сатып өткөрүү рыногунун чакан экендигине карабай, ири инвесторлорду тартуу боюнча колго аларлык бир топ иштерди жасады. Биринчи кезекте, Кыргызстанда 10 млн доллардан ашык инвестиция салам деген инвестор үчүн (ички жана тышкы) Борбор Азиядагы эң либералдуу салык мыйзамдары иштейт.
Мындан сырткары, Кыргызстанда инвесторлор алып келип жаткан жаңы жабдууларга, жаңы технологияларга бажы тарабынан кыйла жеңилдиктер каралган. Бул да болсо башка өнүккөн мамлекеттердин эскирген технологиясын эмес, заманбап технологияны импорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр көп. Алардын катарында арзан жумушчу күчүн, чөлкөмдө болуп көрбөгөндөй арзан электр энергиясын атаса болот. Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин мүчөсү катары, Кытай менен коңшу катары ири инвесторлордун продукциясын экспорттоого жолдор ачылган. Ал эми Евросоюз менен өзүнчө макамыбыз бар, 6500дөй аталыштагы продукцияны Евробиримдиктин рыногуна чыгара алабыз.
Мындай жагымдуу мүмкүнчүлүктөр сөзсүз Кыргызстан менен өнөктөш болом деген бардык эл аралык инвесторлордун кызыгуусун жаратат деген ойдомун. Анын үстүнө, дүйнөдө инвесторлорго муктаждык күчөп, капчыктуулар үчүн күрөш, атаандаштык жүрүп жатат. Негизинен, түз инвесторлорду тартканга аракет кылышыбыз керек. Алсак, дүйнөгө белгилүү бренддерди, ири трансулуттук компанияларды кыргыз экономикасына тартуу максаттуу”, - деп билдирди экономист Эрлан Камалов.

Ири өндүрүштөр айланасындагы чакан ишканалардын өнүгүшүнө да таасирин тийгизип, туруктуу салык базасы кеңейет. Салык боюнча эксперт Саида Нариман “Кабар” агенттигине ири бизнес үчүн туруктуу, түшүнүктүү жана адилеттүү шарт түзүүнүн мааниси туурасында айтып берди.

WhatsApp Image 2026-05-22 at 17.56.25.jpeg
“Ири өндүрүштөн түшкөн салыктар жөн гана бюджетке түшкөн акчалар эмес. Бул өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун, социалдык программалардын жана аймактык өнүгүүнүн негизги булактарынын бири. Ири ишканалар бюджетке чоң көлөмдө салык төлөгөнүн эске алсак, ал каражат кайра эле мектеп, оорукана, жол, социалдык төлөмдөр сыяктуу башка мамлекеттик чыгымдарга жумшалат. Мындан тышкары, ири өндүрүштөр туруктуу айлык менен камсыздалган жумуш орундарын түзүп, жеринде иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул миграцияны азайтып, аймактардын кирешесине жардам берет. Ири өндүрүштөрдүн айланасында чакан бизнес да өнүгөт. Транспорт, тейлөө, соода, логистика сыяктуу тармактарга суроо-талап көбөйөт. Болгону, ири бизнес үчүн туруктуу, түшүнүктүү жана адилеттүү шарт түзүү маанилүү. Салыктык жүктүн көтөрүмдүү болуусу зарыл”, - деп билдирди салык боюнча эксперт Саида Нариман.