Коррупция канткенде токтойт? Эл аралык тажрыйба жана Кыргызстандагы жаңы тартип

Маек Загрузка... 18 Май 2026 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын министрлер кабинети мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү деңгээлдеги коррупциялык тобокелдиктерди аныктоонун, көзөмөлдөөнүн бирдиктүү механизмин бекитти. Башкы прокуратура билдиргендей, эми мамлекеттик органдар коррупциялык тобокелдиктер тизмесин улам жаңыртып түзүп, аларды азайтуу пландарын иштеп чыгып турушу керек. Өзгөчө көңүл мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкаруу, көзөмөл ишмердиги, ошондой эле уруксат берүү жана каттоо жол-жоболору сыяктуу чөйрөлөргө бурулат.

Паракорлукту жеңүүдө Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин улуттук консультант-эксперти, антикоррупция боюнча илимий изилдөөчү Замир Айылчыев “Кабар” агенттигине курган маегинде паракорлук менен күрөшүүдө санариптештирүүнүн, ачык-айкындыктын жана түшүндүрүү, маалымдоо иштеринин мааниси жөнүндө айтып берди.

WhatsApp Image 2026-05-18 at 11.59.06.jpeg

— Замир Айылчыевич, акыркы беш жылда Кыргызстанда коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү иштерине кандай баа бересиз?

Бул багыттагы саясат жогорку деңгээлде жүрүп жатат деп айта алам. Президент Садыр Жапаров 2008–2009-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин башчысы болгону маалым. Ал бийликке келери менен коррупциянын алдын алууга өзгөчө басым жасай турганын, ал гана эмес паракорлукка аралашкан туугандары, жакындары аныкталса, эч буйдалбай жазага тарта турганын билдирген эле. Мамлекет башчысынын эң чоң жетишкендиктеринин бири — дал ушул коррупциянын алдын алуу боюнча жасаган чечкиндүү иштери.

Коррупция менен күрөштүн натыйжасында мамлекетибизде инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзүлдү, облустарда жаңы өндүрүш ишканалары ачылып, кошумча жумушчу орундары пайда болууда. Бул ички жана тышкы миграциянын азайышы үчүн да өтө маанилүү.

Өлкө башчынын жарлыгы менен президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлүп, тутумдуу мониторинг, анализ жана баалоо жүргүзүү иштери жөнгө салынды. Юстиция министрлигинде 30 миңге жакын коомдук уюм катталган болсо, алардын ичинен 10го чукулунун негизги максаты коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү болуп саналат. Президенттин тапшырмасынын негизинде аталган уюмдар менен жигердүү иштешип, эл аралык донорлордун көмөгү аркылуу жогорку окуу жайларында, мектептерде жана мамлекеттик органдарда кеңири түшүндүрүү иштерин жүгүздүк.

Коррупция кайсы учурда пайда болот? Маалымат жетпеген, укуктук түшүнүк жок учурда пайда болот. Президенттин тапшырмасы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеши прокуратура жана башка тийиштүү органдар менен биргеликте антикоррупциялык стратегияны иштеп чыкты. Бул коррупцияны азайтуу жана анын алдын алуу үчүн түзүлгөн узак мөөнөттүү план. Ал өлкөгө ачык-айкындуулукту, адилеттүүлүктү, элдин ишенимин, жаңы инвестицияларды жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү алып келет деген ишеничтемин.

— Учурда Балтика өлкөлөрүнүн коррупциянын алдын алуу боюнча тажрыйбаларын изилдеп жүргөн экенсиз. Бул өлкөлөр паракорлук менен күрөштө жогорку ийгилик көрсөтүп жаткан мамлекеттер катары таанымал. Изилдөөңүздө кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

Биринчиден, өнүккөн мамлекеттерде калк арасында түшүндүрүү жана маалымдоо иштери абдан көп жүргүзүлөт. Мисалы, Литвада президентке жана парламентке гана отчет берген көз карандысыз антикоррупциялык орган иштейт. Ал коррупциялык кылмыштарды иликтеп, тобокелдиктерди анализдейт жана алдын алуу иштерин системалуу жүргүзөт. Ушундай эле иштерди Кыргызстандын Антикоррупциялык ишкердик кеңеши да ишке ашырып жатат. Латвияда болсо Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча бюро иштейт. Анын негизги милдеттеринин бири — коомго жана мамлекеттик кызматкерлерге коррупциянын зыяндарын түшүндүрүү, аларды окутуу жана маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Эстонияда 2012-жылы антикоррупциялык акт кабыл алынган. Ал коррупциянын алдын алуу, кызыкчылыктардын кагылышын көзөмөлдөө жана кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү иштерин жөнгө салат. Эстонияда электрондук өкмөт системасы 99%га иштейт. Бул бизнеске жана коомго толук ачык-айкындуулуктан кабар берет. Бизде да ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн санариптештирүүнү кеңейтип, технологияларды дайыма жаңылап туруу керек деп ойлойм. Бул — коррупциянын алдын алуудагы эң маанилүү рычагдардын бири. Санариптештирүү күчөп, жасалма интеллект иштеген жерде адам фактору автоматтык түрдө жоюлат.

— Ак ниет жана кесипкөй адистерди, жетекчилерди тандоодогу эл аралык принциптер туурасында айта кетсеңиз?

Балтика мамлекеттеринин принциптерин айтсам, алар эң биринчи кезекте билимге өзгөчө көңүл бөлүшөт. Мамлекеттик кызматка кабыл алуу ачык сынак менен жүрүп, талапкерлердин билими, тажрыйбасы, кесиптик жөндөмү жана этикалык жүрүм-туруму кылдат бааланат. Экинчиден, кызматкердин же жетекчинин туугандык мамилелери, жеке бизнеси же саясий байланыштары анын чечим кабыл алуусуна эч кандай таасир бербегидей шарттар түзүлгөн. Жогорку кызматка келген ар бир адам алгач антикоррупциялык багытта атайын билим алат. Деги эле ар бир мамлекеттик органда иштеген чиновниктерге жана жөнөкөй кызматкерлерге үзгүлтүксүз билим берилип турат. Бул тажрыйба Швейцария жана Дания өлкөлөрүндө да кеңири колдонулат.

Мен биздин өлкөгө меритократия системасын толук киргизүү керек деп эсептейм. Бул — адистерди кызматка туугандык, тааныштык же саясий байланыштар менен эмес, алардын билими, жөндөмү, тажрыйбасы жана буга чейинки сиңирген эмгеги боюнча гана тандоо системасы. Мисалы, Эстонияда мамлекеттик кызматка кабыл алуу ачык сынак аркылуу ишке ашкандыктан жана санариптик система күчтүү болгондуктан, адам фактору эч кандай роль ойнобойт. Ар бир кызматкердин жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн. Кызматкердин иши KPI, башкача айтканда, натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү аркылуу бааланат. Бир кагазды эки жума бою кароонун кереги жок, бардык маселе ыкчам чечилиши шарт.

Мындан сырткары, Эстонияда мыйзамдарды урматтоо темалары атайын окутулат. Бул дагы антикоррупциянын бир бөлүгү болуп саналат. Адилеттүүлүк, жоопкерчилик, мамлекеттик мүлктү коргоо жана коррупциянын зыяндары боюнча түшүнүктөр мектептерде 6-класстан баштап эле өтүлө баштайт. Ал эми Литвада окуучуларга улууларды урматтоо, коомго зыян келтирбөө сыяктуу баалуулуктар атайын сабактар аркылуу окутулат.

Негизи, коррупцияны жеңүүдө биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Болгону жалпы коомчулук да укуктук жактан билимдүү болуп, биргеликте аракет кылышы керек. Кыргызстандын Антикоррупциялык кеңеши ушул убакка чейин 100 миңдеген адамга окутууларды, атайын тренингдерди өткөрдү. Мунун аркасында мамлекеттик кызматкерлердин жана коомдук лидерлердин коррупция боюнча укуктук билими бир топ жакшырып калды десем жаңылышпайм.

— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгиликтер болсун.