Садыр Жапаров Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Президент Загрузка... 18 Май 2026 19:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы форумга Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча катышууда. Шаарларды туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибин талкуулоого ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылары, жогорку даражалуу адамдар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышууда.

Садыр Жапаров “Бардыгы үчүн турак-жай: коопсуз жана туруктуу шаарлар жана коомчулуктар” темасына арналган бүгүнкү форум урбанизация, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү жана турак-жайдын жеткиликтүүлүгү маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтчаны түзөрүн баса белгиледи.

Бул глобалдык чакырыктардын контекстинде Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет.

“Тилекке каршы, учурда мөңгүлөрдүн эриши, климаттын өзгөрүшү, калктын миграциясы жана экосистемаларга болгон кысым бийик тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда жайгашкан шаарларга терс таасирин тийгизүүдө.
Чакан, бирок тарыхы бай жана уникалдуу маданий өзгөчөлүктөрү бар бул шаарлар бир катар кыйынчылыктарга туш болууда”, - деди президент.

Ал тоолуу шаарлардын туруктуу өнүгүшүнө токтолуп, үч стратегиялык багытты белгиледи: экосистеманын туруктуулугун камсыздоо, тоо урбанистикасы үчүн инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкө жарандары жана меймандары үчүн ыңгайлуу жашоо жана иштөө шарттарын түзүү.

Мамлекет башчысы деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан шаарларды өнүктүрүүнүн өзгөчө актуалдуулугун белгилеп, Кыргызстандын бул жааттагы тажрыйбасын жана билимин эске алуу менен, Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, ошондой эле анын штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров тез урбанизацияга басым жасоо менен жарандар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүү боюнча негизги жүк шаарларга жүктөлүп жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө шаарлар экономикалык өнүгүүнүн, инновациялардын жана адам капиталынын борборлоруна айланууда.
Ошол эле учурда, шаарлар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине, инфраструктурага басымдын күчөшүнө, турак жай көйгөйлөрүнө жана коопсуздук маселелерине биринчилерден болуп туш болушат”, - деди президент жана турак жай курулушун өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын кошумчалады.

Ал ошондой эле 2025-жылы эле Кыргызстанда 1,8 миллион чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилгенин айтты. Анын ичинде ипотекалык механизмдер аркылуу 4600дөн ашык үй-бүлө жаңы батирлердин ачкычтарын алышты. Учурда өлкө боюнча 70 миңден ашык батир курулуп жатат, бул турак жайдын жеткиликтүүлүгүн мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу негиз түзөт.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Бишкек шаары шаардык башкаруу реформаларын ишке ашырууда олуттуу тажрыйбага ээ экенине өзгөчө көңүл буруп, өткөн жылдын аягында Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү Борбор Азиядагы эң биринчи заводдун ачылышы болгонун белгиледи.

Завод жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүү аркылуу 30 мегаватка чейин электр энергиясын өндүрүүгө багытталган.

“Салыштырып айта кетсем, бул кубаттулуктагы электр энергияны өндүрүү үчүн буга чейин жылына болжол менен 80 миң тонна көмүр коротулуп, 100 миң тонна көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыкчу.
Мындай ишканалардын өлкөбүздүн Каракол жана Ош шаарларында курулушу пландалууда”, - деди мамлекет башчысы жана Форумдун катышуучуларын WUF13 алкагында өтүп жаткан Urban Expo көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын көргөзмө павильонунда бул долбоор менен кененирээк таанышууга чакырды.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров Кыргызстан өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана башкалардан үйрөнүүгө даяр экенин баса белгилей кетти. Ал ошондой эле келечек муундар үчүн биргелешкен аракеттер менен гана адамдар, жаратылыш жана прогресс гармонияда жашаган туруктуу, инклюзивдүү жана ыңгайлуу шаарларды кура алабыз деген ишенимин билдирди.