Садыр Жапаров Маврикийдин президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушту

Президент 1882 18 Май 2026 17:05
701172534_1559071932894102_905204404630196230_n (1).jpg
701312364_1559071919560770_1648417443366094242_n.jpg
701233807_1559072016227427_6637316923764445369_n.jpg
702383441_1559071936227435_4886992250812192174_n.jpg
Алдыга
Артка
701172534_1559071932894102_905204404630196230_n (1).jpg
701312364_1559071919560770_1648417443366094242_n.jpg
701233807_1559072016227427_6637316923764445369_n.jpg
702383441_1559071936227435_4886992250812192174_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Маврикий Республикасынын президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде санариптештирүү жана каржы сектору чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен, анын ичинде Маврикий менен эки тараптуу жана көп жактуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров көп тараптуу кызматташууну алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтты.

Өз кезегинде Маврикийдин президенти Дхарамбир Гокхул эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоо негизги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.