Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды.
SpaceX космос тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниялардын катарына кирет. Компания ракета алып жүрүүчүлөрдү, космостук кемелерди жана спутниктерди иштеп чыгат жана өндүрөт, учкучтуу космостук учууларды ишке ашырат жана Starlink глобалдык спутниктик байланыш системасын өнүктүрөт.
Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.
Ракеталардын жүктөрдү орбитага чыгаруунун баасын төмөндөтүүгө жана учуруулардын жыштыгын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген баскычтарын кайрадан пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду. Компаниянын өкүлдөрү долбоорлоодон жана айрым түйүндөрдү даярдоодон тартып, техниканы чогултуу жана сыноолорго даярдоого чейинки иштер кандай уюштурулганын түшүндүрүп беришти.
Президент Садыр Жапаров учууларды башкаруу борборуна да барып, анда космостук миссияларды коштоп жүрүү жана борттук системаларды көзөмөлдөө иштери менен таанышты. Мамлекет башчысына SpaceX компаниясынын скафандрлары көрсөтүлүп, космонавттардын коопсуздугун камсыз кылуу технологиялары тууралуу маалымат берилди.
Иш сапардын өзүнчө бөлүгү Starlink системасына арналды. Президентке спутниктердин үч мууну көрсөтүлүп, алардын түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы тууралуу айтып беришти. Системаны жайгаштыруу 2019-жылы башталган жана бүгүнкү күндө орбитада 10 миңден ашык Starlink спутниги бар.
Үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда пилоттук долбоордун алкагында Starlink спутниктик интернет кызматтарын көрсөтүү башталган. Бул технология алыскы жана бийик тоолуу калктуу конуштарды жогорку ылдамдыктагы интернетке, билим берүү ресурстарына жана мамлекеттик санариптик кызматтарга туташтыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук спутнигин орбитага чыгарууга тийиш болгон SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсүн учуруу 1-октябрга пландалган.
Өндүрүштүк комплекстин айрым аймактарында компаниянын ички талаптарына ылайык фото жана видео тартууга чектөө коюлган.