Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Америкалык ишкер Илон Маск 2027-жылы АКШдагы ар бир балага өзүнүн SpaceX компаниясынын бирден акциясын берүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазганын Казинформ жазды.
Маск акцияларды кандай жол менен бөлүштүрөрүн тактаган жок.
New York Post басылмасынын маалыматына караганда, ал каражатты балдар үчүн түзүлгөн салык жеңилдиктери каралган Trump Accounts инвестициялык эсептерине багытташы мүмкүн.
Бул программага 2025-жылдын январынан 2028-жылдын аягына чейин АКШда төрөлгөн балдар катыша алат. Учурда программага өлкөдөгү дээрлик 70 млн бала камтылганы кабарланды.
Маск бул демилге компанияларынын активдерин бөлүштүрүү боюнча алгачкы кадам болорун белгилеген.