SpaceX жана Tesla компаниялары биригиши мүмкүн – Bloomberg

Дүйнө
SpaceX жана Tesla компаниялары биригиши мүмкүн – Bloomberg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Америкалык SpaceX жана Tesla компаниялары декабрь айында биригүү тууралуу жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып билдиргенин АЗЕРТАЖ жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, Илон Маскка таандык эки компаниянын биригүүсү тарыхтагы эң ири келишим болуп калышы мүмкүн. Натыйжада электромобилдерди, энергияны сактоочу батареяларды, ракеталарды жана спутниктерди, ошондой эле жасалма интеллект технологияларын бириктирген ири конгломерат түзүлөт.

Учурда жумушчу топтор компанияларды бириктирүүнүн шарттарын жана жаңы түзүмдүн башкаруу системасын иштеп чыгууда.

Буга чейин Илон Маск эки компанияны бириктирүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын билдирип, бул демилгени колдой турганын айткан.