“Асман Ойл Компани” жаңы стратегиялык күйүүчү май комплексин ишке киргизет

Бизнес 1477 26 Май 2026 15:54
IMG_0540.JPG.jpeg
IMG_0539.JPG.jpeg
IMG_0536.JPG.jpeg
IMG_0537.JPG.jpeg
IMG_0535.JPG.jpeg
IMG_0542.JPG.jpeg
IMG_0541.JPG.jpeg
IMG_0548.JPG.jpeg
IMG_0543.JPG.jpeg
IMG_0544.JPG.jpeg
IMG_0545.JPG.jpeg
IMG_0547.JPG.jpeg
IMG_0546.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0540.JPG.jpeg
IMG_0539.JPG.jpeg
IMG_0536.JPG.jpeg
IMG_0537.JPG.jpeg
IMG_0535.JPG.jpeg
IMG_0542.JPG.jpeg
IMG_0541.JPG.jpeg
IMG_0548.JPG.jpeg
IMG_0543.JPG.jpeg
IMG_0544.JPG.jpeg
IMG_0545.JPG.jpeg
IMG_0547.JPG.jpeg
IMG_0546.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын туунду компаниясы болгон "Асман Ойл Компани" ЖЧКсынын жаңы күйүүчү май куюу комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Комплекстин курулушу 2022-жылдын май айында башталып, толугу менен компаниянын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө объект толук бүткөрүлүп, ийгиликтүү иштеп жатат.

Авиациялык күйүүчү май сактагычтарынын жалпы көлөмү 8 миң куб метрди түзөт. Жаңы комплекс Кыргызстандын бардык аэропортторундагы аба кемелеринин авиациялык күйүүчү майга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздайт.

"Асман Ойл Компани" ЖЧКсы бүгүнкү күндө Кыргызстанда авиациялык күйүүчү май жеткирүүчү алдыңкы компаниялардын бири катары ишенимдүү позицияны ээлейт. 2022–2025-жылдар аралыгында компаниянын таза кирешеси эки эседен ашык өсүп, 518 млн сомдон 1 млрд 205 млн сомго жетти. Бул туруктуу өсүштүн, иштин натыйжалуулугунун жана Кыргызстандын авиация тармагынын ишенимдүү, системалуу жана динамикалуу өнүгүп жаткандыгынын олуттуу көрсөткүчү.

Мындан ары "Асман Ойл Компани" ЖЧКсы "Каракол" жана "Жалал-Абад" эл аралык аэропортторунда ушундай эле күйүүчү май куюу комплекстерин курууну пландаштырууда. Бул өлкөнүн авиациялык күйүүчү май менен камсыздоо инфраструктурасын мындан ары чыңдоого жана Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.