«Элдик Банк» Кытайдын CIPS системасынын түз катышуучусу болду

Бизнес 12110 18 Июнь 2025 14:32
IMG_7547.jpeg
IMG_7546.jpeg
IMG_7545.jpeg
IMG_7544.jpeg
IMG_7541.jpeg
IMG_7542.jpeg
IMG_7543.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_7547.jpeg
IMG_7546.jpeg
IMG_7545.jpeg
IMG_7544.jpeg
IMG_7541.jpeg
IMG_7542.jpeg
IMG_7543.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Элдик Банк

«Элдик Банк» ААКнун делегациясы Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Эрмеев башында турган курам менен Шанхай шаарындагы World Expo Exhibition & Convention Center жайгашкан China International Financial Exhibition 2025 көргөзмөсүнө катышууда.

IMG_7546

Иш-чаранын алкагында Башкарманын төрагасынын орун басары Медет Таиров «Элдик Банктын» ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, банктын негизги финансылык көрсөткүчтөрүн, продуктыларын жана кызматтарын, өнүгүү динамикасын, жетишкен ийгиликтерин, туруктуу өнүгүү стратегиясын жана санариптик трансформация багытындагы кадамдарын тааныштырды. Ошондой эле Кытайдын банктары, каржы институттары жана ишкерлери менен төлөм системасындагы кызматташууга болгон кызыгуусун билдирди.

IMG_7545

Көргөзмөнүн негизги окуясы болуп ОАО «Элдик Банк» менен Кытайдын чек ара аралык банк аралык төлөм системасы болгон CIPS (Cross-Border Interbank Payment System) менен түз катышуучу болуу боюнча келишимге кол коюу аземи өттү.

«Элдик Банк» менен катар эле CIPS системасына дүйнөдөгү эң ири банктар – UOB (Сингапур), Standard Bank (Түштүк Африка), Afreximbank (Египет), MOX (Кытай), First Abu Dhabi Bank (БАЭ) да кошулду.

IMG_7541

Бул система менен интеграциялануу банк кардарларына Кытай жана башка катышуучу өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле бул бир катар маанилүү артыкчылыктарды камсыздайт: төлөмдөрдү тездетүү, чыгымдарды азайтуу, ачык-айкындуулукту жогорулатуу, Кытай рыногунда бизнес жүргүзүү үчүн куралдарды кеңейтүү.

Мындан тышкары, CIPS системасына кошулуу Кыргызстандын жана Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө, соода байланыштарынын чыңдалышына өбөлгө түзүп, кыргызстандык ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана эл аралык рынокко адаптацияланышын арттырат.

КРУБ лиц. №033