ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономика туруктуу өсүүдө. ЕАӨБдүн макроэкономикалык божомолу

Аналитика Загрузка... 25 Июнь 2025 14:15
2347442_zuUFnV2.2ca441.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Евразиялык өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасы тышкы жагдайларга каршы иммунитетин чыңдоону улантууда. Санкциялык басымдын жана глобалдык тарифтик согуштардын фонунда бул өлкөлөрдө экономика туруктуу жана ийгиликтүү алдыга жылууда. Мындай тыянакты Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан чыгарылган макроэкономикалык божомол ачык көрсөтүп турат. Объективдүү көрсөткүчтөргө, эксперттик баалоолорго жана тенденцияларга негизделген аналитикалык материалдарда 2027-жылдын аягына чейинки мезгилде ЕАӨБгө мүчө мамлекеттердин экономикалык абалы иликтенген. Анда ИДПнын өсүшүнө, инфляциянын төмөндөшүнө жана улуттук валюталардын туруктуулугуна өбөлгө түзө турган базалык сценарий сунушталган.

Евразия өнүктүрүү банкынын өнөктөштөрү жети мамлекет – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Бул мамлекеттер ЕАЭБ, ШКУ, КМШ жана башка аймактык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенип келишет. Мындай кызматташтыктын кеңири форматы акыркы жылдары байкаларлык экономикалык натыйжаларды көрсөтүп жаткан чоң Евразия өнөктөштүгүн түзөт.

ЕАӨБдүн орто мөөнөттүү божомолу боюнча, кызматташтык аймагындагы ИДПнын өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болот. Учурда эң жогорку өнүгүү көрсөткүчтөрүн Кыргызстан көрсөтүүдө, анда 2025-жылдын аягына чейин ИДПнын өсүшү 10%дан ашат деп күтүлүүдө. Биздин кошуналарда бир аз азыраак, Россия менен Беларуста жыйынтыктар андан да төмөнүрөөк. Ошого карабастан, Евразиялык өнөктөштүк азыр өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу эффективдүү жана келечектүү динамикага ээ. Себеби, аларда тарифтик тирешүүнүн натыйжасында негизги көрсөткүчтөрү кыйла төмөндөп кеткен.

ЕАӨБнын башкы экономисти Евгений Винокуров АКШнын тарифтик саясатынан улам келип чыккан жаңы толкуну белгисиздикти бир топ жогорулатканын, ал эми геосаясий чыңалуу аны күчөтүп жатканын белгилейт. Бирок Евразиялык өнөктөштүк алкагында тышкы факторлордун терс таасири мурдагыдай маанилүү эмес.

"Ошол эле учурда, акыркы бир нече жылда аймак тышкы шарттардын өзгөрүлүп турганына карабай, ага жогорку денгээлде ыңгайлашканын көрсөттү. Азыр көпчүлүк өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн аракеттери ички булактарга таянуу менен ички инвестициялык потенциалды ачууга багытталган. Ошентип, экономиканын бир нече элементтерин, ыкмаларын бириктирүү ИДПсынын өсүшүнө алып келип, калктын жыргалчылыгын колдойт", - деп айтылат Евгений Винокуровдун баяндамасында.

Ал эми, Кыргызстанга кайрылсак, биздин экономика өнөктөш өлкөлөрдүн арасында эң жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Республиканын ИДПсынын өсүшү ушул жылдын аягына карата 10,3 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө. Жергиликтүү эксперттердин пикиринде, бул секирик инфраструктураны, энергетиканы, транспорттук коридорлорду (анын ичинде эл аралык маанидеги), логистикалык борборлорду жана түйүндөрдү өнүктүрүүгө олуттуу капиталдык салымдардын жана инвестицияларды тартуунун эсебинен камсыздалды.

Мындан тышкары, эң негизгиси өлкөдө чийки зат моделинен баш тартуу жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды бир кыйла көбөйтүү үчүн терең экономикалык реформалар башталды. Реалдуу сектор заводдордун жана фабрикалардын ачылышынын эсебинен бара-бара чыңдалууда. Атамекендик ишканалар бир нече жыл мурун чет өлкөдөн гана алынып келинип жүргөн автоунааларды, курулуш материалдарын, техникаларды жана электроникаларды өөүбүздөн өндүрүп жатышат. Азыркы учурда айыл чарба жана мал чарба продукциясынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана аны терең кайра иштетүүгө көп көңүл бурулууда. Бул бардык факторлор экономикалык өнүгүүдө олуттуу секирик үчүн шарттарды түздү.

Евразия өнүктүрүү банкынын өлкөлөрдү талдоо борборунун улук аналитиги Айгүл Бердигулова «Кабар» маалымат агенттигине берген комментарийинде республиканын өнүгүүсүнө капиталдык салымдар боюнча статистиканы келтирди.

«Кыргызстанда акыркы жылдары инвестициялык активдүүлүк жогорулады. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик 25%га өскөндөн кийин, быйылкы жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча капиталдык салымдар 55%га өстү. Мындай жогорку активдүүлүк мамлекеттик инвестициялар программассы колдоого алынып, ишке ашырылып жаткандыгынын жыйынтыгы. Негизги каржылоо булактары болуп эл аралык каржы институттары тарабынан жеңилдетилген шарттарда берилген каражаттар саналат.

Бийлик 2025-жылы экономикага 40 миллиард сомдон ашык капиталдык салымдарды салууну көздөп жатат – бул ИДПнын 2,7%ын түзөт. Инвестициялардын негизги багыттары: транспорт (жалпы көлөмдүн 20%), энергетика (14%), суу менен камсыздоо (13%). Бул түздөн түз курулуш секторуна кошумча түрткү берет. Мындан тышкары, алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшү экспорттук кирешенин жогорулашына дагы түрткү берет деп күтүлүүдө.”- дейт Айгүл Бердигулова.

Бул факторлор дүйнөлүк экономиканын өсүү темпинин басаңдашынын жана керектөөчүлөрдүн активдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн терс таасирин компенсациялоого мүмкүндүк берет. Өнүгүүнүн темпин башка негизги көрсөткүчтөрдү да колдойт, мисалы, Кыргызстанда инфляция 2025-жылдын аягына чейин максаттуу көрсөткүчтүн чегинде сакталып, болжол менен 7%ды түзөт. Сомдун курсу туруктуу бойдон калат, ал долларга карата 87,5 деңгээлинде сакталат.

Ал эми, 2027-жылга чейинки орто мөөнөттүү келечекке токтосок. Кыргызстандын экономикасынын өсүшү орто мөөнөттүү келечекте ички суроо-талаптын муздашына жараша бир аз басаңдашы мүмкүн. Бирок кийин өнүгүүнүн тең салмактуу темпине кайтып келе баштайт. Бул процесстин жайланышы табигый нерсе. Ушундай эле тенденциялар коңшу мамлекеттерде да байкалат. Ошол эле учурда биздин өлкө жакынкы эки жылда Евразия мейкиндигинде ИДПнын өсүшү боюнча лидерлердин бири бойдон калат.