Ата журтка ак кызмат. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун төрагасы, туңгуч өлкө жетекчиси Иманалы Айдарбеков

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

XIX кылымдын соңку мезгилдеринде Сары Өзөн Чүйдүн Күнтуу болуштугуна караштуу “Арчалы” айылында солто элинин манабы Айдарбек Турдиндин үйүндө кубанычтуу жаңылык орун алды. Айыл элине баш-көз болгон Айдарбек 1884-жылдын сентябрь айынын бир күнүндө уулдуу болуп, азан чакырып атын Иманалы атады. Оо, ошондо жарыкка келген наристесине бир үңүлүп болуп, ымыркайынын ыңаалаганына куштар болгон Айдарбек артымдан изимди улаар уулум деп эбедейи эзиле, туулганына эмес тураарына сүйүнөйүн, амандыгын тилеп атпай кыргызга кызматы өтсүн деп ичинен аруу тилегин арнаган чыгаар!? Ал, уул бар болгону кыска аралыкта өзүнүн тубаса жөндөмү аркасында атпай журтка аңыз болуп, эл башкарган эрен, журт башкарган көсөм чыгаарын, жаш кезинен тартып Улуу жолго аттанып, өмүрү жалаң күрөштөрдөн тураарын, башын кыргыз үчүн сайып, бирде карасанатайлар менен кармашып тирешээрин, анан кызматтык даражасы төмөндөп олтуруп, ага кошул-ташыл болуп ден соолугунан жабыркап, капилеттен башына кара булут айланаарын, өзү курдуу өлкөсү үчүн жалынын элге арнашкан жакын санаалаштары менен кошо колуна кишен салынып, ак жерден айыпка жыгылып, кордукту ченебей тартып, бар болгону бу тирүүлүктө 54 гана жыл жашаарын, анда ошол кубанычка толкуган атасы да, апасы да, ошол жакшылыкка күбө болуп олтурушкан айналасындагы коңшу-колоңдору менен кошо ага-туугандары, кысталышта бири-бирине касам ичишкен сөөк-тамыры, жоро-жолдоштору кайдан билишсин!? Көрсө, жазмыш эмнени жазса, адам ошону көрөөрүн, кырсык капилеттен келип, ажал айттырбай алаарын эч ким, эч убакта сезип-туя албайт тура.

Дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенген Айдарбек балдарынын туну Иманалынын окууга дилгир экенин байкап, алгач айылдык молдодон окутуп, андан соң орус-тузем мектебине берет. Орусча тез өздөштүрүп, окуунун алдыңкысы саналган Иманалы 1898-жылдан 1904-жылга чейин Пишпектеги айыл-чарба мектебинде окуйт. Ошол эле жылы алыскы айыл-чарба мектебинин сунуштамасы менен Ташкент калаасына жиберилип, ал жакта Гидротехника училищесинде билимин улантат. Ташкентте окуган Иманалы европалык маданият менен таанышып, орус жана чет элдик адабияттардан азыктанат. Дүйнө таанымы кеңейген Иманалы Айдарбеков Ташкент калаасында төрт жылдан ашуун жүрүп, башка улуттардын өкүлдөрү менен кеңири баарлашып, коомдогу кырдаалга көз салды. 1908-жылы атасы Айдарбек капилеттен каза болот. Иманалы аргасыз артка кайтып, үйүндө баш-көз болууга туура келди. 1912-жылдан 1918-жылга чейин Иманалы Айдарбеков айылдык башкармалыкта катчылык кызматты, тилмечтикти, Пишпектин райондук башкармалыгынын жардамчысы милдеттерин өтөйт. Дал ошол тушта солто элинин Талкан болуштугун бийлеген Өзүбек Бошкоевдин уулу Сыдык уулу Абдыкерим менен өлкөдөгү абал жана орус империясында жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу пикир алышып калат. Абдыкерим Сыдыков Татарстандын борбору Казанда айыл-чарба багыты боюнча билим алып жүрүп жакын досу, агартуучу Ишенаалы Арабаевден саясий жактан көптөгөн сабак алган эле. Ошентип улут тагдырына кайдыгер карабаган уулдар баштары кошулганда мекен жүгүн татыктуу көтөрүп, келечек тууралуу зор максаттарды алдына коюшат. 1916-жылдагы улут башына түшкөн каргашалуу Үркүн окуясында Иманалы Айдарбеков кабыргасы кайышып, өзү сындуу улутка күйгөн алдыңкы өкүлдөр менен бирге элибизди бу ак падышанын апаатынан кантип аман сактап калабыз деп жолдорун издешти. Дал ошол үчүн ал Чүйдүн тоо этектей жайгашкан солто элин, Арчалы айылынын тегерек-четиндеги журтту тоо этектей көчүп кеткиле, бу алаамат акыры токтой турган күн келер деп элди аман сактап калууга жан үрөдү.

Падышалык өкмөттүн администрациясында иштеген Иманалы Айдарбеков жана анын жакын санаалаштары үчүн Октябрь төңкөрүшү чоң жаңылык болду. Кыргызстанда большевиктер партиясы ишмердүүлүгүн кечирээк жүргүзө баштады. Түркстан большевиктеринин биринчи съезди 1918-жылдын июль айында гана өткөрүлдү. 1918-жылдын март айында өткөн Пишпек советинин съездине, өзү туулуп өскөн Күнтуу аймагынан Иманалы Айдарбеков солчул эсерлер партиясынан делегат болуп шайланат. Большевиктер кыргыз жергесине келишкенде бул жакта катарларын толукташ максатында, социалисттик түзүлүштү чыңдоо үчүн ошол кездеги кыргыз ичинен чыккан билимдүү, орус тилинде ээн-эркин сүйлөп, саясий жактан бышып жетилген уюштуруучулук жөндөмү бар адамдарды издешкен. Албетте, алар ошол кездеги билим десе билимге бай, уюштуруучулук жөндөмү жогору Иманаалы Айдарбековду катарына кошуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү көздөштү. 1921-жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин Пишпекте кезектеги съезд өтүп, анда 325 делегат катышат. Съездди Иманалы Айдарбеков узеддик-шаардык революциялык комитеттин төрагасы катары:

– Жер жана суу реформаларын жүргүзүүгө” тынч мезгил эми жетип келди. Саясий стабилдүүлүк орноп, жергиликтүү шайлоо органдарын баштоо демилгеси бышып жетилди. Советтик өлкө – жолдош Ленинди шайлап алышты! – деп жарыялады.

Партиялык бийлик бир топторун мурункунун калдыктары деп тазалоодон баштады. Ага карабай өз заманынын алдыңкысы саналган, мурдатан башкаруу системасын терең өздөштүргөн Иманалы Айдарбековду жогору баалап, революциялык комитеттин мүчөсү катары “Айылдык коомдун” башкармалыгына, анан уезддик “Аткаруу комитетине” шайлайт. 1920-1921-жылдары Пишпек уезддик аткаруу комитетинин төрагасы, 1920-1921-1923-жылдары Пишпек уездинин шаардык Советинин Аткаруу комитетинин төрагасы милдетин өтөдү. 1923-жылы Жети-Суу облустук Советинин Аткаруу комитетинин төрагасы кызматын аркалайт.

1921-жылы алдыңкы интеллигенция Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясын сунуштады. Демилгени алгачкылардан болуп билимге мол Абдыкерим Сыдыков көтөрүп чыкты. Советтик өкмөт орногон чакта казак журту Кыргыз АССРи деп аталып, кыргыз эли алдыңкы сапка чыкпай калган. Мына ушул көрүнүш улут үчүн күйгөн Абдыкерим Сыдыков жана Иманалы Айдарбеков сындуу уулдардын зээнин кейиткен. Байыркы кытай тарыхынан маалыматы бар, Сыма Цзяндын жазмаларынан кабардар, Бичурин оодарган котормолорду окуп, Малов, Бартольд жана Радловдун экспедициялык жазмаларын жакшы билишкен кыргыздын ой чабыты кенен уулдары бир кезде кыргыз кыйырга дейре таанылып, өз алдынча каганат түзүшкөнүн, IX-X кылымдарда улуу держава курашканын эстешти да, эмне үчүн өз алдынча мамлекет болууга укугубуз жок деп толгонушту. Башта Тоолуу Кыргыз облусу болуп түзүлүп алсак, анан андан кийин РСФСР курамынын ичиндеги Кыргыз АССРи, кийин Кыргыз ССРи болууга кудуретибиз жетет деп ишенишкен. Тоолуу облус түзүү демилгеси Түркстан өкмөтүнөн уруксат алып, Жети-Суу облустук партия уюму колдоого алды. Тилекке каршы, ортодогу саясий тирештер, бири-бирин каралоолор орун алып, большевиктердин катарында ичине ийне батпаган, жеке кызыкчылыгын ойлогондор ортого от жагып, Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахмановдордун Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясына каршы чыгышып, Москвага тоголок кат жазып, бут тосушту.

Большевик терисин жамынып, өлкөдөн мурда өз кылыкчыгынын жогору койгондор партиялык кызматта арбын болчу. Алар, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов жана Ишенаалы Арабаев өңдүү улут лидерлеринин кадамдарына жолтоо болуп, жогорку эшелонго туура эмес маалыматтарды, түрдүү ушактарды жөнөтүп, тоголок каттарды тоголотуп атышкан эле. Өз алдынча өлкөгө айлансак деген ойдон алыс турган Рахманкул Кудайкулов Кыргызстандын түндүгү Казакстанга, түштүгү Өзбекстанга кирсе деген ниетте болгон. Аныгында, ал өзүн Казакстан курамына кирген кыргыз журту үчүн “Калк атасы” аталсам деген кыялы бар эле. Бактыга жараша, “кудайкуловчулардын” тилегин таш каап, 1924-жылы 14-октябрда Кара-кыргыз Автономиялуу облусу жаралды.

Кыргыз эли мамлекет катары калыптанышы үчүн канчалаган азаптуу жолдорду басып олтуруп, акыры мамлекет түптөлдү. Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө эбегейсиз күч жумшагандардын алдыңкы сабында Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов жана Ишенаалы Арабаев болсо, аларды колдоого алып, канат-бутак болгондордун катарында Турдалы Токбаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Баялы Исакеев, Данаке Иманов, Дали Зульфибаев, Токчоро Жолдошов, Кожокан Шооруков, Базаркул Данияров, Касымбай Телтаев, Таш Кудайбергенов өңдүү күжүрмөн инсандар да бар эле. Сан-миңдеген жылдар бою Ала-Тоо койнунда өз алдынчалуулукка умтулуп, өзүнчө мамлекет болсок деген кыялдын башаты, мына дал ушундайча башталды.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн укуктук жактан толук аныктап каттоо үчүн 1925-жылдын 27-мартынан 30-мартына чейинки аралыкта Пишпекте съезд өкөрүлөт. Съезд абдан чыңалган абалда жүрүп, ага он бир улуттан турган 135 делегат катышкан. Буга эски большевик Голубков, Орто Азия бюросунун төрагасы Зеленский, Манжара, Бельский, Серафимов өңдүү коммунисттер катышкан. Съездди Ревкомдун төрагасы Иманалы Айдарбеков ачып, алты ай ичинде жасалган иштери боюнча отчёту угулган. Бул отурумдун алдына өлкөнүн коңшу аймактары менен чек ара тилкелерин тактоо, айыл-чарба, экономика, өндүрүш, курулуш тармактарын өнүктүрүү маселелери коюлуп, 51 адамдан турган делегат бекитилет. Аткаруу комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков сунушталат. Баягы эле Рахманкул Кудайкулов жана анын жан-жөкөрлөрү Иманалы Айдарбековдун отчётуна, жарым жылда аткарган иштерине жогору баа берүүнүн ордуна теги кедей-кембагал эмес, бай-манапчыл, РЕВКОМдун аппараты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыптап чыгышат. Съезддин жүрүшүнө жана жооптуу кызматтарга көрсөтүлүп аткандарга нааразычылыгын билдирген Жусуп Абдрахманов өзүнүн тарапташтары менен залды таштап, сыртка чыгып кетет. Съездде Кара-кыргыз автономиялуу облусу дегендин ордуна өлкө Кыргыз Автономиялуу облусу аталсын деген сунуш ишке ашырылып, ал ошол эле 25-май күнү ишке ашырылат. Ошол отурумда облустук Аткаруу комитетине Сыдыков, Айдарбеков, Абдрахманов жана Чоңбашев сыяктуу адамдар кирбей калат. Отурумга жетекчилик кылган Михаил Каменский Абдыкадыр Орозбековду төрагалыкка дайындайт. Бул жерде калкы үчүн кам көргөн Иманалы Айдарбеков жана анын тарапташтарынан болгон Жусуп Абдрахмановго окшогондор Михаил Каменскийге жана Кремлде олтургандарга керек эмес эле.

* * *

1927-жылы Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы кызматын аткарган Айдарбековду 1929-жылы Жеңил өнөр-жайы боюнча эл комиссары, андан кийин соода тармагынын эл комиссары кылып бекитишет. 1931-1933-жылдары Иманалы Айдарбеков ден соолуктун айынан иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой, үйүндө олтуруп калат. Ичине таруу айланбаган душмандары эми Айдарбеков кайрадан саясий аренага кайтып келбейт деп кымыңдашты. 1933-жылдын саламаттыгын калыбына келтирген Иманалы көрө албастарынын кыжырын кайнатып, кайрадан саясатка аралашат. Анткени, билим десе билим, тажрыйба десе тажрыйбасы бар, жоктон барды жараткан Айдарбековдой мыкты кадр, ар качан керек болчу. Бул саам ага СССРдин оор өнөр-жай тармагына салым кошсун деп Кыргыз АССРинин өкүлү кылып дайындайт. Андан соң Кыргыз коммерциялык банкынын башчылыгына шайланат.

* * *

1933-жылы 9-май күнү Абдыкерим Сыдыковго, Турды Сопиев Акунга, Ишенаалы Арабаевге жана Касымбай Телтаевге карата “Социал-Туран” партиясы боюнча иш козголуп, алар камакка алынат. Эки жыл аяк баспай 1935-жылдын 16-августунда ВКПбнын көзөмөл комиссиясы тарабынан партиянын катарынан чыгарылып, Айдарбековго “абдрахмановчул”, "улутчул” деген жалаа жабылат. 1937-жылдын 4-августу күнү иңир кирип, көз байланган чакта Иманалы Айдарбековду ордо калаабыздын 1-Май (азыркы Исхак Раззаков) атындагы көчөсүндө жайгашкан үйүнө НКВД желдеттери жетип келишип, алдыга салып айдап жөнөшкөн. Андан кийин тынымыз сурактар, ур-тепкилерге кабылган Айдарбековду “күнөөңдү моюнга ал!” деп бир жылдай кыйнашкан. Акыры алдында турган кагазга кол койбой көгөргөн Айдарбековду 1938-жылдын 5-ноябры күнү өзү сындуу Ата Журт жүгүн моюнга арткан эр азаматтар менен кошо атып тынышкан.

* * *

Социалисттик түзүлүштү бекемдөөгө оңбогондой салым кошуп, акыр аягы Сталиндик репрессияга туш келишти. Анан эл каймактарын, кысталышта жол тапкан даанышмандарын, келечекти көрө билишкен көсөмдөрүн атып тынышты. Эл үчүн чогуу кадам таштап бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышкан чыгаандар өлгөндө да бир чуңкурда болушту.