Кыргызстан менен Малайзия жаңы деңгээлдеги мамиле курууга бет алды

Аналитика Загрузка... 26 Июнь 2025 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон 30 жыл ичиндеги расмий сапары өнөктөштүк мамилелердин кайра жанданышына жана жаңы деңгээлге көтөрүлүүсүнө багытталган. Себеби, эки өлкө кызматташтыкта кыска мөөнөттө конкреттүү натыйжаларга жетишүү ниетин көрсөтүүдө.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өткөн жылдын май айында Бишкекке келген. Ошондуктан Садыр Жапаровдун "азиялык жолборстордун" бирине жооп иретиндеги сапары Бишкекте башталган диалогдун уландысы болуп саналат. Кыргыз-малай мамилелеринин тарыхы 1992-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн башталат.

Бул мезгилди дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде мындай деп эскерди:

“Мен ошол кездеги ири долбоорлордун бири катары Таш-Көмүр жарым өткөргүч заводун белгилемекмин. Ошол убакта малайзиялыктар санарип экономиканы, жасалма интеллектти өнүктүрүү үчүн бул заводго инвестиция салып, чиптерди чыгарууну ниеттенишкен. Бирок тилекке каршы, ошол мезгилдеги өкмөттүн экономикалык блогунун шалаакылыгынан же түшүнбөстүгүнөн улам бул долбоор биз тараптан кеткен кемчиликтерден улам токтоп калган. Ошондон бери эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бир топ сууп калган. Мына эми 30 жылдан кийин гана биздин президентибиз Садыр Жапаров кайрадан малайзиялыктар үчүн Кыргызстандын эшигин ачты”,-деген.

Малайзиянын лидери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров ийгиликтер байкалган тармактарга көңүл бурду. Өлкө башчысы белгилегендей, Кыргызстан Малайзия менен бир катар келечектүү тармактарда кызматташууга, өз ара сооданы кеңейтүүгө, атап айтканда Кыргызстандан экологиялык таза продукцияларды – эт, бал, жаңгак жана башкаларды экспорттоого кызыкдар.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен адал парктарды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, мамлекет тарабынан зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Малайзиянын бул тармакты өнүктүрүү боюнча чоң тажрыйбасы бар жана албетте бул багытта технология алмашуу республика үчүн абдан пайдалуу болмок.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргызстан Борбор Азиянын гидроэнергетика рыногунда алдыңкы орундардын бирин ээлей турганын баса белгиледи. Малайзиянын жашыл экономикага өтүү саясатын колдоп, ал өнөктөштөрдү Кыргызстандын аймагында чакан жана ири ГЭСтерди, кайра жаралуучу энергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлорго катышууга чакырды. Ошондой эле ал Малайзиянын алдыңкы технологияларын энергетика тармагына тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Премьер-министр Анвар Ибрагим кыргыз-малайзиялык кызматташтыкты билим берүү, медицина, маалыматтык технологиялар, жашыл экономика, адал индустриясы сыяктуу ар кандай багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүүгө олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда Малайзиянын лидери өкмөт мүчөлөрүнө Кыргызстанга келип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгууну сунуштады.

Бул контекстте эксперттер Кыргызстандын президентинин Малайзияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында 10 документке кол коюлганына көңүл бурушат. Ошол эле учурда алар бул документтердин алкактуу мүнөздө болушу эч кимди таң калтырбашы керектигин баса белгилешет. Бул өлкөлөр бири-бири үчүн кайрадан ачылып жатканын жана өз ара кызыкчылыктардын чөйрөсү абдан кең экенин көрсөтүп турат. Бул соода жана саламаттыкты сактоо, туризм жана билим берүү, санариптик трансформация жана киберкоопсуздук.

Кыргызстан менен Малайзия географиялык жактан алыс болсо да, маданияты жана руханий жактан бири-бирине жакын. Бул көп улуттуу мусулман өлкөсү, анда улуттук каада-салттарды баалашат, тарыхты сакташат жана үй-бүлөнү биринчи орунга коюшат. Мамлекет күчтүү экономикага ээ жана "азиялык жолборстордун" катарына кирет. Саясат таануучу Марс Сариевдин белгилешинче, саясий деңгээлдеги чечимдерден кийин эки тараптуу мамилелер динамикалуу өнүгүү баскычына өтөт.

«Экономикада, маданиятта, билим берүүдө жана башка ар кандай багыттар боюнча абдан жакшы долбоорлор сунушталды. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай карама-каршылыктар жана тоскоолдуктар жок экенин, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн негиз бар экенин көрсөтүп турат. Эл аралык саясат маселелери боюнча позициялардын окшоштугу, глобалдык күн тартиби боюнча көз караштардын дал келиши – мунун баары, албетте, кызматташтыктын динамикасына таасир этет. Мен бул сапарды маанилүү деп эсептейм жана өткөн жылдын май айында Малайзиянын премьер-министри Бишкекке келгенин эске салам, демек, саясий диалог өнүгүүдө», - деп билдирди Марс Сариев.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон учурдагы сапарынын жыйынтыгын баалап, эки тараптуу мамилелердин эбактан бери эле кайра жандандырууга муктаж экенин белгилейт. Республиканын мурдагы жетекчилери Куала-Лумпур менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүдө көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишкен, ошондуктан эми аны кайра толтурууга туура келүүдө.

«Биздин өлкө тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат жетиштүү деңгээлде активдүү жана негизинен дүйнөдө Кыргызстандын белгилүү бир позитивдүү имиджи калыптанды. Биздин өлкө азыр эл аралык маселелерде жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөш катары чыгууда. Ошондуктан, бул сапар муздак мамиледен кийинки ийгиликтүү кадам деп эсептейм. Жогорку саясий деңгээлде жетишилген макулдашуулар – бул биринчи этап. Меморандумдар, сапарлар менен алмашуу мунун баары келечеги кең болгон ишенимдүү мамилелердин жанданышынан кабар берет. Эми экинчи этапка өтүү керек – эки өлкөнүн өкмөттөрү конкреттүү макулдашууларды, келишимдерди, долбоорлорду иштеп чыгып, сунуштарды киргизиши керек. Бул жагынан Малайзия, менин билишимче, өз ара пайда жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде чынчыл кызматташууга даяр, абдан ачык өлкө» - деп белгиледи Аликбек Жекшенкулов.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Куала-Лумпур шаарында өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга 50дөн ашык ири жергиликтүү компаниялардын жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Мамлекет башчысы катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып берди.

"Биздин өлкөнүн географиялык жана стратегиялык абалы өтө ыңгайлуу: биз соода жана транспорттук жолдордун кесилишинде жайгашканбыз. Кыргызстан гидроэнергетикадан тартып, сейрек кездешүүчү металлдарга чейинки жаратылыш ресурстарына бай. Мындан тышкары, бизде инвесторлор үчүн жагымдуу салыктык жана бажылык жеңилдиктери бар эркин экономикалык зоналар бар. Бул артыкчылыктардын баары Кыргызстанды ишкерлер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк кылат", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Эксперттер белгилегендей, бул сапардан кийн экинчи этапка өтүү керек. Биздин өкмөт конкреттүү келишимдерге, конкреттүү долбоорлорго чыгып, сунуштарды киргизиши керек. Себеби, Малайзия бардык экономиканын тармактары боюнча, техникалык жактан өнүккөн өлкө жана чоң мүмкүнчүлүктөрү бар,абдан ачык өлкө, ал ар дайым ишеничтүү өнөктөш менен кызматташуга даяр.