"Алтын сертификатка" жетем деген максатым ишке ашты - бүтүрүүчү менен маек

Маек Загрузка... 25 Июнь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

23-июнда Агартуу министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. Алардын арасында Бишкек шаарындагы № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 11в-классынын окуучусу Жакшылыкова Айбийке да бар. Ал ЖРТдан 235 балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болду. Алдыда окуучу бул жеңишке кантип жеткендиги, ЖРТга карата даярдыктары жана алдыдагы пландары жөнүндө “Кабар” агенттигине айтып берди.

- Айбийке, эң алгач сени жогорку балл алышың менен куттуктайбыз! Өзүң күткөн жыйынтыкка жеттиңби? Жыйынтыкты укканда кандай сезимдер болду?

- Негизи менин жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" жетем деген максатым бар эле. Бул кыялым ишке ашты десем болот. Бул күндү мен аябай күткөм. Биринчи укканда абдан кубандым, ишене албай турдум. Өзүмдү эң көп дегенде 220дай балл алсам керек деп ойлодум эле. Менин жеңишке жетишиме мектебимдин да салымы чоң деп ойлойм. Себеби, биздин мектептен жыл сайын көп окуучулар жогорку балл алышат.

- Мектепти да жакшы баалар менен бүтүрүп жатасыңбы?

- Ооба. Бешке аяктап жатам. Андан сырткары мектеп ичиндеги коомдук иштерге дагы катышып, активдүү окуучулардын катарын толуктап жүрдүм.

- ЖРТда сен үчүн эң татаал бөлүм (предмет) кайсы болду?

- Көпчүлүк окуучулардай эле мага дагы окуп-түшүнүү жана аналогия бөлүмдөрү кыйыныраак болду. Ал эми математика менен орус тили бөлүмдөрүнөн тескерисинче жеңил өттүм.

- Бул тестке качан даярданып баштадың эле? Кандай ыкмаларды жана ресурстарды колдондуң?

- Февраль айынан тарта атайын ЖРТ курсуна барып баштадым. Эки жума калганда өтө интенсивдүү түрдө даярданууга өттүм. Мага көбүнчө сынамык тесттер жардам берди. Себеби, ал ЖРТга жакын болгондуктан, даярданууга жакшы өбөлгө түздү.

- Сен үчүн бул жетишкендик эмнени билдирет?

- Мен үчүн бул жетишкендик чоң маанини билдирет. Анткени муну менен менин өзүмө болгон ишенимим дагы да жогорулады. Тесттин жыйынтыгынан кийин мен өзүмдүн аракетимди баалап калдым.

- Жогорку балл сага каалаган окуу жайга оңой тапшырууга мүмкүнчүлүк берет да. Сен кайсы багытты тандайын деп жатасың?

- Алдыда Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырайын деп жатам. "Алтын сертификат" менен окууга оңой өтөм деген ишеничим бар.

- Сен өзүң бул жолду басып өттүң. Кийинки жылы мектепти бүтө турган окуучуларга кандай кеңештерди бересиң?

- Биринчиден, өзүңөргө ишенгиле. Жакшы окуп, эч кабатырланбай, тынбастан даярдык көрө бергиле. Башкысы аракет. Акырында силер аракетиңерге жараша сонун ийгиликтерге жетесиңер демекчимин.