Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Загрузка... 25 Июнь 2025 18:12
1750842766_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 26-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Ч. Айтматов проспектиси - Л.Толстой көчөсү - Жугуштуу оорулар ооруканасынын батыш тарабы - Кулатов көчөсүнүн түндүк тарабы - Игембердиев көчөсү, Кулатов көчөсүнүн түштүк тарабы - Панфилов көчөсү - Горький көчөсү - Минин көчөсү, ошондой эле Манас проспектиси - Бөкөнбаев көчөсү - Исанов көчөсү - темир жол менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.