Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жиддадан Бишкекке 90 кыргызстандык учуп келди.
Учак “Манас” эл аралык аэропортуна конду.
Ушул эле сааттарда Жидда – Ош багыты боюнча 120 кыргызстандык өлкөгө жеткирилди.
Эртең Омандан дагы 360 жаран келери айтылды.
Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги жарандарды мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки атайын авиакаттам аткарыларын билдирген.
Кыргызстандын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда