Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ремонттон соң ачылды

Коом 30 май 2025 20:25
WhatsApp_Image_pSLG1OG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_ywx0sfx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_30ECpAu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Бишкекте жол оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктаганына байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабынан унаа кыймылы үчүн ачылды.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, учурда Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачык.

Белгилей кетсек, бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен мурда аткарылууда. Аталган жол тилкесиндеги жол оңдоо иштерин толук бүтүрүү үстүбүздөгү жылдын июль айына белгиленген.