Жибек жолу проспектисинде жаңы көпүрө курулат - жол убактылуу жабылды

Коом Загрузка... 29 Сентябрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Жибек жолу проспектисинде жаңы көпүрөнүн курулушуна байланыштуу жол убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 28-сентябрдан тарта Жибек жолу проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңы көпүрөнүн курулушунун башталышына байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Жаңы көпүрө эки тилкеден алты тилкеге ​​кеңейтилет. Анын узундугу 25 метр, туурасы 34,3 метр болот. Эки тараптан ар биринин туурасы 3 метр келген жөө адамдар өтүүчү тротуар жасалат.

Мындан улам №13, 35, 36, 40, 45, 48, 100, 101, 118, 169, 175 автобус каттамдарынын схемасы убактылуу өзгөртүлөт.

Каттамдарды алдын ала пландап, альтернативалык У.Салиева, М.Жалил, Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрүү сунушталат.