Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Россиянын Уфа шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жумушчу тобунун маанилүү жыйыны өттү.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.
Жыйында салык органдарынын ишин "кардарга багытталган" жаңы форматка өткөрүү маселеси талкууланды.
Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүү жана жасалма интеллект (AI) технологияларын колдонуу сунушталды.
Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен түз жана ыкчам байланыш каналдарын өркүндөтүү маселеси каралып, КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматкерлери үчүн кардарлар менен сылык, кесипкөй иштешүүнү үйрөтүүчү бирдиктүү окуу программаларын түзүү пландалды.
Кыргызстандын өкүлдөрү салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарды тааныштырды. Анда салыктык тейлөөнүн сапатын жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында "Бирдиктүү терезе" борборлорунда атайын видеобайкоо тутумдары колдонулуп жаткандыгы маалымдалды.
Бул жумушчу топ 2022-жылдан бери иштеп келет жана анын негизги максаты - салык кызматтарын жарандарга коркунучтуу орган эмес, көмөк көрсөтүүчү ишенимдүү өнөктөш катары калыптандыруу болуп саналат.