ЖИ заманынан артта калбоо керек: Ошто экинчи жаштар борбору ачылды

Аймак 10 Июль 2026 16:55
1.jpg
741555966_1369433972042163_9213247337702896025_n.jpg
742129836_1369433892042171_3515429954766634594_n.jpg
742208845_1369433758708851_2786914762405826899_n.jpg
742267143_1369433685375525_332686281946573055_n.jpg
742391337_1369433875375506_6555676614620400244_n.jpg
742407074_1369433948708832_6754372244427991758_n.jpg
742462102_1369433712042189_224810372250132409_n.jpg
742787016_1369433812042179_1506612511152943249_n.jpg
742876722_1369433798708847_3775216753764937825_n.jpg
742903733_1369433845375509_6226442294654384308_n.jpg
742930016_1369433912042169_1866774013089944661_n.jpg
743467731_1369433682042192_272122237783029544_n.jpg
743699627_1369433735375520_8989806191437500277_n.jpg
744251245_1369433718708855_4405552158445242904_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы экинчи жаңы мейкиндик — "Жаштардын креативдүү хабына" барып, түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр жаштардын жаңы идеяларын жана демилгелерин колдоо иретинде борборго 100 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырды.

"Биз жаштар билим алып, өз идеяларын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Азыр жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана чыгармачыл индустриялар заман талабы болуп калды. Оштун жаштары бул өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек", - деди Акаев.

"Жаштардын креативдүү хабында" иштөө, билим алуу, жолугушууларды өткөрүү жана эс алуу үчүн бардык шарттар каралган.

Ошондой эле борбор жайгашкан Молдо Нияз көчөсү толук оңдолуп, асфальт төшөлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарында тил үйрөтүү, шахмат, кулинария курстары жана заманбап конференция залдары камтылган үч кабаттуу алгачкы Жаштар борбору колдонууга берилген.