Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коштоосунда вице-президент Жевдет Йылмаз 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар, ошондой эле кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.