Жети-Өгүздө 6 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Аймак 16 сентябрь 2025 14:27
Кызыл-Суу 5,0 га жер.png
Кызыл-Суу 1,0 га жер.jpg
Алдыга
Артка
Кызыл-Суу 5,0 га жер.png
Кызыл-Суу 1,0 га жер.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Жети-Өгүздө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жалпы 6 га айыл чарба багытындагы жер тилкелер 2004-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 12,7 млн сомду түзгөн жер тилкелер мамлекетке кайтарылды.